2023-12-05
Жаңылыктар
Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу өтөт

23-октябрь күнү Бишкек шаарында (Карагачевая роща) Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу Жогорку, орто кесиптик окуу жайларынын студенттери жана жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын катышуусунда өтөт.
Балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турган дүйнө биринчилигине катышат

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтө турчу 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.
Төрөхан Багынбаев джиу-джитсу боюнча Орусияда өткөн мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык спортчу Төрохан Багынбаев ACBJJ версиясы боюнча джиу-джитсу боюнча Россиянын ачык чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.
Эртең Бишкекте муай-тай боюнча беттеш өтөт

Эртең 16-октябрь күнү WBC муай-тай версиясы боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт.
Дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев депутаттыкка талапкерлигин койду

Кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырган. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды спартакиадага чакырат

22-октябрь күнү саат 15:00дө Бишкектеги ден соолук паркында спорттук фестиваль өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Грепплинг боюнча Республикалык чемпионат жыйынтыкталды

2-3 октябрь күндөрү Бишкек шаарында Газпром спорттук комплексинде UWW Грэпплинг федерациясы тарабынан республикалые чемпионаты болуп өттү.
Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга чыкты

Күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде Айпери Медет кызы 4-орунга чыкты. Жаңыланган рейтинг Норвегияда октябрдын башында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен чыккан.
Бишкекте таэквондо боюнча турнир болуп өттү

10-октябрь күнү Бишкекте "Газпром" спорт комплексинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ITF боюнча таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты болуп өттү.
Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Кечээ 12-октябрь, «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты.
Калыс Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады.
Кечээ "Күз деми" марафону болуп өттү

Кечээ 10-октябрь күнү Бишкекте Күз деми эл аралык марафону өттү. Аталган марафон бешинчи ирет өтүп жатат. Жарыштын катышуучулары "Манас" аэропортунан баштап "Аска -Таш" мемориалдык комплекси боюнча 5, 10, 21 жана 42 км аралыкты басып өттү. Марафондун алкагында балдар жарышы да өткөрүлүп, ага 3-16 жашка чейинки балдар катышты. Иш-чаранын эң жаш катышуучусу 3 жашта болсо, эң улуусу 87 жашта.
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга чыкты

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын медалнын ээси, дүйнө чемпиону болгон Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 68 килограмм салмак категориясы боюнча экинчи орунга көтөрүлдү.
Александр Заваринский "Делфин" спорт мектебинин директору болуп дайындалды

Александр Юрьевич Заваринский «Дельфин» спорт мектебинин директору болуп шайланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Дүйнө чемпиондугу: Балбан кыздар Бишкекке учуп келди

Кечээ 9-октябрь күнү Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди.
Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды

Норвегияда өтүп жаткан Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды.
Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков финалда

Жоламан Шаршенбеков Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.
Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды. Ал бүгүн, 7-октябрда финалда жапониялык балбан Рин Мияжи менен беттешип, мөөнөтүнөн мурда 4:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатынын алтыны үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова бүгүн, 7-октябрда Ослодо (Норвегия) өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөшөт.
Кыргызстандык самбочу Татарстан президентинин кубогунда коло медалга ээ болду

Казань шаарында "Татарстан Республикасынын Президентинин Кубогу" самбо боюнча Эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу согуш Эл аралык федерациясынан билдирди
Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында россиялык Ханум Велиеваны женди. Мелдешти Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты аркылуу түз эфирден көрсөтүп жатат.
Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова жарым финалда

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалына жолдомо алды.
Айпери Медет кызы коло медаль үчүн ким менен күрөшөөрү белгилүү болду

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалы үчүн күрөшөт.
Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатындп 11-орунду ээледи

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Ослодо (Норвегия) өткөн дүйнө чемпионатында 11-орунду камсыз кылды.
Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова кореялык балбанга каршы күрөшөт

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтында айтылгандай, ал түштүк кореялык Минджи Хага каршы күрөшөт
Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча экинчи жолу дүйнө чемпиону аталды.
Дүйнө чемпиондугу: Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Норвегияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.
Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы коло медаль үчүн беттешет

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыга алган жок.
Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы жарым финалда

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Ал 76 кг салмак категориясында катышууда.