AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу: Балбан кыздар Бишкекке учуп келди

 Кечээ 9-октябрь күнү Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкекке учуп келди.

Балбан кыздарды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алды.

 

«Быйыл спорт тармагында ийгиликтүү жыл болду. Албетте, сиздердин жеңиш- бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Тарыхта биринчи жолу курама команда 2 алтын 1 коло медаль жеңип, Кыргызстандын желегин эл аралык аренада бийик желбиретип, намысын коргодуңар. Сиздерге бекем ден-соолук жана ийгилик каалайм. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем», — деди Канат Шабданбаев. 

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионат 2-8-октябрь күндөрү Осло шаарында (Норвегия) өттү. 

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.

1- орун – Айсулуу Тыныбекова, 62 кг чейинки салмактык категорияда;

1 –орун – Мээрим Жуманазарова, 68 кг чейинки салмактык категорияда;

3-орун – Айпери Медет кызы, 76 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.