AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Бишкекте таэквондо боюнча мелдеш өттү

17-октябрь күнү Бишкекте  таэквондо боюнча Бишкек шаарынын федерациясынын Кубогу үчүн турнир  болуп өттү.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өттү. Турнир Керугиде (спарринг) башталгычтар жана алдыңкы спортчулар арасында өттү.

Мелдешке КРнын таэквондо академиясынан, Бишкек шаарынын таэквондо федерациясынан жана КР таэквондо ассоциациясынан 300дөн ашык спортчулар катышты. Турнирдин объективдүүлүгү үчүн дүйнөлүк стандартындагы электрондук калыстык системасы колдонулду. Мелдештин аягында турнирдин бардык жеңүүчүлөрү
үчүн медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланды.

КРнын таэквондо академиясынын президенти Убайдула Тохтурбаевдин айтымында: "Турнирдин уюштуруучулары жогорку максаттарды жана милдеттерди коюшкан, тактап айтканда, бул балдарды, өспүрүмдөрдү жана жаштарды спортко кеңири тартуу, популяризациялоо, үгүттөө, өнүктүрүү Дүйнөлүк таэквондо олимпиадалык спорт катары, спорттун бул түрүндөгү спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу" - деди Тохтурбаев.

Кыргыз Республикасынын Таэквондо Академиясынын тарбиялануучулары 40 медалга ээ болуп, мыкты техниканы жана жакшы даярдык деңгээлин көрсөттү.
Алардын ичинен - ​​он эки алтын, он эки күмүш жана он алты коло медаль алдыңкы жана башталгыч спортчулардын арасында.