AUCA the best 2

2024-04-18

Жаңылыктар

Бишкекте Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу өтөт

23-октябрь күнү Бишкек шаарында (Карагачевая роща) Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу Жогорку, орто кесиптик окуу жайларынын студенттери жана жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын катышуусунда өтөт.

Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу жаштар арасында ден соолук чыңдоо жайылтуу, ошондой эле жаш муундарды жана жаштарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз тааныштыруу максатында өткөрүлөт.

Мелдештер үч топто өтүлөт: 

I топ орто мектептердин окуучулары (9-11кл) команданын курамы 5 эркек, 5 кыз. Балдар жана кыздар үчүн аралык 1000 метр.

II топ орто кесиптик окуу жайлардын студенттери, команданын курмасы 10 эркек, 10 кыздан турат. Эркек жана кыздардын аралыгы 1000 метр.

III топ жогорку окуу жайлардын студенттери, команданын курамы 10 эркек жана 10 кыздан турат. Кыздар үчүн аралык 1000 метр, эркектер үчүн 2000 метр.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана жеке жеңүүчүлөр медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышат. 1-орунду алган командалар (балдар жана кыздар өзүнчө) 1-даражадагы кубок жана дипломдор, 2-3-орунду алгандар тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышат.

Белгилей кетсек Республикалык күзгү жеңил атлетика кроссу Спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча «Жаштык» дирекциясы өткөрөт.