2024-10-10
Жаңылыктар
Саламат Эргешов Улуттук Олимпиада комитетинен кетүүгө арызын берди
Саламат Эргешов Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматынан кетүүгө арыз жазды.
Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Бээжин Олимпиадасына лицензия алды
Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турчу XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Кыргызстандык спортчулар Азия жана Океания ачык мелдешинде жеңишке жетишти
Кыргызстандык спортчулар Хайитхон Хусан кызы жана Маматибраим Суранов парадзюдо боюнча Азия жана Океания ачык мелдешинде байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Sports Awards-2021: Жеңүүчүлөр аныкталды
Буга чейин кабарлангандай, 1-декабрда VII Sports Awards салтанаты өтүп, Кыргызстандын мыкты спортчулары жана спорт ишмерлери сыйланды.
Эрлан Шеров БАЭде өткөн турнирде 5-орунду камсыз кылды
Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров БАЭде өткөн дзюдо боюнча турнирде 5-орунду ээледи.
Бишкекте көркөм гимнастика фестивалы өтөт
9-декабрь күнү Бишкекте көркөм гимнастика боюнча биринчи фестиваль өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациянын президенти Назира Айдарова билдирди.
Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитети жыйын өткөрдү
Кечээ 15-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Аткаруу комитетинин отуруму болуп өттү.
Кар валейболу боюнча биринчи Азия чемпионаты Казакстанда өтөт
Азия волейбол конфедерациясы (AVC) Казакстанда биринчи жолу кар волейболу боюнча Азия чемпионатын өткөрүүнү сунуштады.
Кытай 2022 жарым марафон боюнча дүйнөлүк чемпионат кийинкиге жылдырылды
Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму 2022-жылдын 27-мартында Кытайдын Янчжоу шаарында өтө турган жарым марафон боюнча Дүйнө чемпиондугун жылдырганын жарыялады.
Дзюдо боюнча Бишкек шаарынын биринчилигинде жеңүүчүлөр аныкталды
Борбор калаада 2004-2006 жылы туулган улан-кыздар арасында дзюдо боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү.
Эрлан Шеров Баку Гран-присинде 5-орунду ээледи
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Азербайжанда өткөн эл аралык мелдеште 5-орунга ээ болду.
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова 22 жашка толду
Бүгүн 9-ноябрь күнү Ослодо өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды жеңген кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарованын туулган күнү. Балбан кыз 22 жашка толду.
Жөө күлүк Гүлшанай Сатарова Самарканда өткөн марафондо биринчи орунду камсыз кылды
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Өзбекстанда өткөн Samarkand Half Marathon жарым марафондо биринчи орунду камсыз кылды.
Жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды
7-ноябрь күнү Испаниянын Авелес шаарында өткөн #Дуатлон боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык параспортчу Жалалдин Абувалиев 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.
Оор атлетика боюнча Кыргызстандын курамасы Дүйнө чемпиондугуна катышат
Оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын курама командасы да катышат. Команданын курамына 5 спортчу кирген. Турнир 7-17 декабрь күндөрү, Узбекистанда өтөт.
Каныбек Оңолбек уулу карьерасын Казакстанда улантат
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулу карьерасын Казакстанда улантат.
Кыргыз дзюдочулары Азербайжанда өтүүчү мелдешке катышат
Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасы Азербайжанда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. «Baku Grand Slam» деп аталган мелдеш Баку шаарында 5-7-ноябрь күндөрү өтөт. Турнирге Кыргызстандын атынан 4 спортчу катышат.
47 медалга ээ болгон спор мектеби
Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин командасы «Жолборс» спорт клубунун кубогу үчүн WT боюнча бешинчи ачык эл аралык таэквондо турниринде жалпы командалык 1-орунду ээледи. Бул тууралуу машыктыруучу Азим Тажибаев билдирди.
Кытайда 2022-жылкы Олимпиада оюндарынын медалдардынын үлгүлөрү көрсөтүлдү
2022-жылкы өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарын («Пекин-2022») уюштуруу комитети оюндарынын медалдардын дизайнын көргөздү. Бул тууралуу Пекин-2022 уюштуруу комитетинин сайтына жарыяланды.
Волейбол: Наманган шаарында 19 жашка чейинки кыз-келиндер арасында Борбор Азия чемпионаты өттү
24-31 октябрь күндөрү волейбол сүйүүчүлөрүнүн көзү Наманган шаарына багытталды. Наманган курулуш инженердик институтунун спорт комплексинде 19 жашка чейинки кыздар арасындагы Олимпиада чемпиону Лариса Павлова байгеси үчүн Орто Азия чемпионаты өттү.
"Мектеп лигасы" старт алды
28-октябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Мектеп лигасы» улуттук программасынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Уюштуруучулар – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, КР Билим берүү министрлиги жана Мектеп лигасы федерациясы.
Белбоо күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугунда 10 медаль тагынды
Алыш күрөшү боюнча Казань шаарында Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдеш 27-октябрь күнү башталып, бүгүн 30-октябрда жыйынтыкталат.
Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында Төрөхан Багынбай уулу күмүш медаль тагынды
Грепплинг дүйнө чемпионатында "Gi" дисциплинасы боюнча 77 кг салмак категориясында катышып жатат Төрөхан Багынбай уулу күмүш медаль тагынды. Ал финалдык беттеште Испаниялык балбан Фернандо Николас Медина Вернерге каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде атаандашынын пайдасына чечилди.
Грепплинг боюнча дүйнө чемпиондугу башталды
Грепплинг дүйнө чемпионаты 28-октябрда Белградда башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандан 3 спортчу килемге чыкткан.
Денис Петрашов Дүйнө чемпионатында 10-орунду ээледи
Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Орусияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында 10-орунга ээ болду.
Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири кыргыз балбандарын өз үйүндө коноктоду
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы (U-23) Өзбекстандын Ташкент шаарында окуу-машыгуу өткөрүп жатат.
Борбордук Азия чемпионаты (U-19): Кыргызстандык валейболчулар Өзбекстанга утулуп калды
Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы (U-19) Өзбекстанда өтүп жаткан Азия зоналдык чемпионатында жеңилүү менен башталды.
Тыныбекова баш болгон балбандарга Таласта сый көрсөтүлдү
Кечээ 27-октябрда, Токио Олимпиадасында ийгилик жараткан балбандар менен машыктыруучулар Таласка чакырылып, аларга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Суучул Денис Петрашов Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта бешинчи орунду камсыз кылды
Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Катарда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө кубогунда 5-орунга ээ болду.
Валейбол: Кыргызстандын 19 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы Азиянын зоналдык чемпионатына катышат
Кыргызстандын волейбол боюнча 19 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы Өзбекстанда өтө турган Азия зоналык чемпионатына катышат.