AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Белбоо күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугунда 10 медаль тагынды

Алыш күрөшү боюнча Казань шаарында Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдеш 27-октябрь күнү башталып, бүгүн 30-октябрда  жыйынтыкталат.

Турнирде Кыргызстандын курама командасы он медаль тагынды. Анарбек уулу Бейбарс (57 кг), Казыбек уулу Эрлан (75 кг), Кожомуратов Бектурхан (90 кг) салмак категориясында алтын медалга ээ болгон. Ошондой эле Сапанов Дооронбек (62 кг), Кубатбек уулу Адилет (68 кг), Мусаев Азизхан (82 кг), Сексенбаев Элдар (82 кг) салмак категориясында күмүш медаль тагынды. Мындан сырткары Калыбек уулу Муктарбек (120кг), Анарбекова Айжан (76 кг), Момунжанова Элзада (52 кг) салмак категориясында коло медалга ээ болду.