AUCA the best 2

2024-04-27

2017

Канат Бегалиев. ПЕРЕЗАГРУЗКА

Айтылуу балбаныбыздын чоң спортко жаңы образда кайтып келүүсү тууралуу.

Ата мекендик спортто алтын тамгалар менен жазылган Канат Бегалиев деген ысым бар. Ал кыргыз спортунун жаңы тарыхында азырынча эң бийик болуп турган чокуну багынтты – Олимпиада оюндарында 2-орун.

Арадан 4 жылдан кийин даңазалуу спортчубуз жашоосунда жаңы баракты ачат. Спорттук карьерасын аяктап, дароо курама командага башкы машыктыруучу болуп дайындалат. Бул тууралуу ал ошондо: “Мен бул кызматка өзүм жулунуп келген жокмун. Алгач менден “жок” деген жооп алышкан. Анан машыктыруучулар жана командалаштарым жаман көз карашта болуп калышты. “Тажрыйбасын жаш муун менен бөлүшпөй, команданы таштап кетти” деп. Ойлонуп отуруп, команданын абалына ичим ачышып, анан иштейм деп чечтим” деген эле. Канат мырза 1 олимпиадалык цикл толук иштеп, машыктыруучу катары Рио-2016 Олимпиадасында эң чоң ийгилиги Арсен Эралиевдин 5-орунду алганы болду. Ооба дайыма эле мыкты спортчудан мыкты машыктыруучу чыга бербейт. Бирок ал машыктыруучу катары жаш экенине карабастан, бул кызматта болгон аракетин жасады. Белгилеп кетиш керек, кечээ жакында Кыргызстан курама командасынын Бишкекте өткөн Азия чемпионатында командалык эсепте 1-орунду ээлешинде дал Канат Бегалиевдин эмгеги зор. Бир нече ай мурда отставкага кетсе да, курама командада чоң өзгөрүү болгон жок. Тескерисинче ал түптөп кеткен пайдубалды анын досу жана санаалашы Азат Эркинбаев бузбай сактап, ишин ийгиликтүү уланта алды.

Ошол отставкага кетип жатып Канат мырза мындай деди: “Келечекте саясатка аралашып, бийликтин жогорку бутактарында спорттун кызыкчылыгын талашкым келет. Ал эми ага чейин билимимди тереңдетип, инсан катары өнүгүшүм абзел”. Башкача айтканда, ал кайтып келиш үчүн кетти. Мейли Бегалиев-машыктыруучу салыштырмалуу түрдө Бегалиев-спортчуга караганда ийгиликтүү болбосо да, болочок Бегалиев-спорттук ишмерден үмүт зор. Анткени учурда кыргыз спорту ак жүрөк, руху күчтүү, тайманбас, курч, намыска бекем жана жүрөгү кыргыз деп соккон мыкты кадрларга суусап турат. Көз тийбесин, биздин Канат Бегалиев дал ошондой. Канат мырза сиздин чоң спортко жаңы образда кайтып келүүңүздү күтүп калабыз. Сиз өз миссияңызды аягына чыгарышыңыз керек...