2022-05-17
Улугбек Ормоновдун колдоосу менен Өзгөндө спорттук иш-чара өттү

5-майда Ош облусунун Өзгөн шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновдун колдоосу менен салттуу түрдө уюштурулуп келе жаткан спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу КРнын ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Жаш спортчу Абдуллох: "Атам спортто ийгиликке жетишүү үчүн спортчунун билимдүү болуусу абдан маанилүү деп көп эскертет"

Topsport.kg`нин кезектеги каарманы келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчу Абдуллох Латипжанов. Ал жакында 2022-жылы 17-19-мартта Ошто өткөн "Кыргыз Илбирс" эркин күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 26 кг салмакта 1-орунга ээ болгон. Ал эми, 11-12-мартта Наманган шаарында өткөн эл аралык турнирде 1-орунду багындырган. Ошондой эле, көптөгөн Кыргызстанда өтүп жаткан мелдештердин жеңүүчүсү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жаңыланган рейтингде 96-орунда

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 96-орунда калды.
Бишкекте Олимпиадалык бал болуп өттү

Кечээ 23-декабрь күнү PREMIER ресторанында Олимпиадалык бал болуп өттү. Олимпиадалык балдын максаты жыл жыйынтыгын чыгаруу үчүн спорт меценаттарын жана спортчуларды чакыруу болгон. Иш-чаранын уюштуруучулары дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана жеке ишкер Төлөгөнова Бермет болду.
Кыргызстандык мушкер Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык мушкер Нурадин Рустамбек уулу Казакстанда өткөн бокс боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды.
Баяман Эркинбаевдин элесине арналган Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-При мелдеши жыйынтыктады

Кечээ 21-декабрь күнү “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык “Гран-При” мелдешти болуп өттү.
Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча Гран-при мелдеши өтүп жатат

Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш бел боо күрөшү боюнча Гран-при мелдеши өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук оюндар боюнча дирекциясынын маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук ишмер Баяман Эркинбаевди эскерүү мелдеши быйыл 10 ирет өтүп, ага Иран, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 160 спортчу катышууда. Мелдештин салтанаттуу ачылышы бүгүн саат 18:00дө болот жана жеңүүчүлөр да бүгүн аныкталат. Женүүчүлөр жана байге ээлери атайын диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Ошондой эле мелдештин жеңүүчүлөрүнө алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы ыйгарылат. Жалпы байге фонду 540 миң сом. Баш байге автоунаа жана 1 миң 500 долларлык сертификат тапшырылат
Мелдеш эркектер (эркин жана классикалык түрү боюнча 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг) жана аялдар (эркин – 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, +70 кг.) арасында өтүүдө.
Аталган мелдешти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча департаменти, Улуттук оюндар боюнча дирекциясы жана Алыш эл аралык федерациясы өткөрүүдө.