AUCA the best 2

2024-04-27

2017

Мурат Саралиновдун урматына Улуттук олимпиада комитетинен 2000 доллар сыйлык

Чоң кубаныч менен маалымдайбыз. Topsport.kg редакциясы КРнын Улуттук олимпиада комитети менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

Макулдашууга ылайык, Sports Awards-2017 салтанаты КРнын Улуттук олимпиада комитетинин колдоосу алдында өтүп, белгилүү коомдук жана спорт ишмери, КРнын Спорт агенттиги менен Улуттук олимпиада комитетинин экс-жетекчиси, кыргыз спортуна эбегейсиз салым кошкон инсан Мурат Саралиновго арналмай болду. Улуттук олимпиада комитетинин демилгеси менен аталган иш-чаранын алкагында Мурат Саралиновдун атындагы сыйлык негизделип, анда жеңип чыккан спортчулар 1000 доллардан акчалай сыйлык алышат. Белгилей кетчү нерсе, мындай сыйлыкка спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча гана ийгилик жараткан 2 спортчу ээ болот: мыкты эркек спортчу жана мыкты айым спортчу.  

Кошумчалай кетсек, Sports Awards-2017 салтанаты 2018-жылдын 20-январында өтөт.

Мурат Назарбекович Саралинов (1961-2015)

Мурат Назарбекович Саралинов 1961-жылы 22-майда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында туулуп-өскөн. 1982-жылы Самарканд кооперативдик институтун экономика багыты боюнча аяктаган. Мындан тышкары КРнын ИИМинин Саратовдогу жогорку курстарында билим алган. КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу жана II класстагы мамлекеттик кеңешчи болуп саналат.

М. Саралинов ата мекендик спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошту. 2006-жылдан тарта КРнын Улуттук олимпиада комитетин жана 2013-2014-жылдары Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигин жетектеген. 2014-жылдын июнунда УОКтун президенти болуп кайра шайланган. Бирок арадан 1 жыл өтүп, жүрөк оорусунан улам мезгилсиз дүйнөдөн өткөн.

Эмгек жолу

1982-1984 –  Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

1984-1985 – " Киргизпотребсоюз" ишканасында кадрларды жана жогорку окуу жайларды башкаруу боюнча ага инструктор.

1986-1995 –  ИИМдин Экономиканы уюшкан кылмыштуулуктан коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы.

1998-1999 –  Бишкек шаарынын салык инспекциясынын салык полициясы боюнча бөлүмүнүн башчысы.

1999-2000 –   КРнын Каржы министринин орун басары, Министрликтин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясынын башчысы.

2000-2001 –  КРнын Эсептөө палатасынын бөлүм башчысы.

2001-2002 –  КРнын Каржы министринин алдындагы Каржы полициясынын директорунун биринчи орун басары.

2002-жылдын апрелинен – Каржы министрлигин алдындагы Каржы полициясынын директору.

2003-2004 –  Чүй облусуну Ысык-Ата районунун акими.

2005 –  КРнын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу.

2005-2006 –  КРнын Эсептөө палатасынын төрагасы.

2006-жылдын мартынан – КРнын Улуттук олимпиада комитетинин президенти.

2013-жылдын апрелинен 2014-жылдын мартына чейин – КРнын Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору.

2014-жылдын июнунда – КРнын Улуттук олимпиада комитенин президенттигине кайра шайланган.