2024-09-08
2017
Sports and Youth Awards-2017: Жеңүүчүлөр аныкталды
Буга чейин кабарлангандай, кечээ, 20-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында спорт жана жаштар иштери тармагында жылдын мыктыларын сыйлоо салтанаты болуп өттү.
Төмөндө номинациялар боюнча жеңүүчүлөр менен таанышып алсаңыздар болот. Иш-чаранын жүрүшү жана ар бир номинация боюнча өзүнчө маалымат кийинки материалдарда берилмекчи.
Улуттук спорт
Мыкты спортчу - Эсен Кудайбердиев (Алыш)
Мыкты спортчу айым - Алтынай Мамарасул кызы (Алыш)
Мыкты машыктыруучу - Азамат Осмонбеков (Кыргыз күрөш)
Олимпиадалык спорт
Мыкты спортчу - Калы Сулайманов (Грек-рим күрөшү)
Мыкты спортчу айым - Айсулуу Тыныбекова (Кыз-келиндер күрөшү)
Олимпиадалык эмес спорт
Мыкты спортчу - Бекназар Раимкул уулу (Самбо)
Мыкты магыктыруучу - Мухаммед Курбанов (самбо)
Кошумча номинациялар
Мыкты волейболчу - Самат Догочиев
Мыкты футболчу - Муролим Ахмедов
Мыкты ММА чебери - Бусурманкул Абдибаит уулу
Мыкты грэпплинг чебери - Нурбек Исмаилов
Жеңүүчүлөрү Уюштуруу комитети тарабынан аныкталган номинациялар
Паралимпиада боюнча Мыкты спортчу - Жыргал Оросбаев
Паралимпиада боюнча Мыкты машыктыруучу - Аднан Джабраилов
Сурдлимпиада боюнча Мыкты спортчу - Илгиз Каналбек уулу
Сурдлимпиада боюнча Мыкты машыктыруучу - Айдин Кулкожоев
Жыл жаңырыгы - Бакыт Калиев (Армрестлинг)
Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу - Акжол Махмудов
Улуттук спорттуу чет өлкөдө жайылтып, өнүктүргөндүгү үчүн - Көк бөрү федерациясы
Массалык спортту кеңири жайылткандыгы үчүн - Волейбол федерациясы
Мыкты федерация - Дзюдо федерациясы
Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучулар - Алтынбек Салаев жана Нурбек Изабеков
Мыкты меценат - Аю холдинг
Sports and Youth Awards`дун негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыктары
Улуттук спортко кошкон салымы үчүн - Болот Шамшиев
Эрдиги үчүн - Дастан Али Шаршеев.
Мурат Саралиновдун сыйлыктары
Мыкты спортчу - Калы Сулайманов
Мыкты спортчу айым - Айсулуу Тыныбекова.