2024-11-21
2017
Адылкан Бекболотов: “Таланттуу мушкерлерибизге шарт тузүп бере албасак, аларды жоготуп алабыз”
Кезинде СССРдин намысын талашкан экс-мушкер, бокс боюнча КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотов менен учурдагы кыргыз боксунун абалы тууралуу маектештик.
- Адылкан агай 2013-2014-жылдары бокс тармагында чоң жетишкендиктер болуп, ата мекендик бокско болгон үмүтүбүз жанган эле. Бирок мындай кайра жаралуу көпкө созулбай, кыргыз боксунун абалы төмөндөп, чоң жеңиштер жаралбай калды. Мунун себеби эмнеде?
- Чынын айтсам мен бокско келегн жылдары бокско дээрлик көңүл бурулбай, каржылоо өтө төмөн болчу. Күчтүү командалар менен машыгуу сборун өткөрүү мүмкүн эмес эле. Мындайча айтканда сыртка чыга албай өз казаныбызда кайнай берчүбүз. Натыйжада деңгээлибиз түшүп кеткен. Мен өзүм негизи бокс боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучулук кызматына 2009-жылы келип, 2 олимпиадалык циклде иш алып бардым. Машыктыруучулук кызматка келерим менен балдарды Эл аралык машыгуу сборуна жана андан кийин чоң мелдешке алпардым. Мына ошондон кийин өтө начар абалда экенибизге ынанып, мындай абалдан кантип чыгабыз, кантип жаңы деңгээлге көтөрүлөбүз деп көп ойлондум. Анан бокс тармагы жакшы жолго коюлган коңшу Россия, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу зарылдыгын түшүндүм. Бул үчүн кезинде СССРдин курамында чогуу машыккан командалаштарыма байланышка чыгып, чогуу машыгуу сборлорун өткөрүү сунуштарын киргиздим. Узакка созулган сүйлөшүүлөр жемишин бере баштады. Ошентип, 2011-жылы Кыргызстанга биринчи жолу бокс боюнча Орусиянын курама командасы келди. Белгилеп кетчү нерсе, ошол маалга карата өлкөбүз эгемендикке жеткенден бери жергебизге бир да спорт түрү боюнча Россиянын бир да курама командасы келе элек болчу. Ошондо ал чоң окуя болгон. Жада калса ага өзүбүз да ишенбей, аэрортко тосуп алганы барып, аларды көргөнүбүздө гана күмөн санообуз жоголуп ишенгенбиз. Анткени Россиянын курамында Олимпиада, Дүйнө жана Европа чемпиондору бар болчу. Мындай атаандаштар менен чогуу машыгуунун аркасында биздин балдардын деңгээли кадимкидей өсө баштады. Машыгуу сбору Ысык-Көлдө өтүп, бизге чоң пайда алып келген. Кийинки жылы Өмүрбек Малабеков Лондон Олимпиадасынын жолдомосуна 1 кадам калганда калыстардын талаш чечими менен гана жеңилүү ызасын тартып калган.
- Колдоо жагынан аксап атканыңыздар түшүнүктүү. А бирок кадрлар барбы?
- Туура айтасыз кадр маселеси да курч болуп турат. Анткени алардын айлык акысы төмөн болгондуктан көптөгөн машыктыруучулар үй-бүлөсүн багуу үчүн коммерцияга аралашып, машыктыруучулукту таштап коюшту. Чынында бул абдан өкүнүчтүү.
- Азат Усеналиев, Турат Осмонов, Өмүрбек Малабеков, Эрмек Сакеновдордой жаңы чемпиондорду күтсөк болобу?
- Негизи биздин жаш таланттуу мушкерлерибиз көп. Алар өспүрүмдөр жана жаштар арасында чоң ийгиликтерге жетишип, бирок чоңдор арасында ийгиликтерди жарата албай калышууда. Анткени чоң спорт чоң чыгым жана колдоону талап кылат. Жаштар менен чоңдор арасында таймаштардын айырмасы асман менен жердей. Куру сөз болбосун үчүн бир мисал келтирейин. Бокс боюнча улуттук курама командабыз машыгууларын өткөрүп келген Бишкектеги Дөлөн Өмурзаков атындагы стадиондо чакан залыбыз бар. Анын учурдагы абалы мышык ыйлачудай. 40 жылдан бери ремонт боло элек. Кышында суук дегендей.
- Ошого карабастан таланттуу мушкерлерге уучубуз куру эмес да?
- Ооба албетте. Бирок канчалык таланттарыбыз көп болбосун аларга тийиштүү шарттарды түзүп бере албасак, анда аларды жөн гана жоготуп алабыз.