AUCA the best 2

2024-11-21

Жаңылыктар

КР Теннис федерациясы Азия теннис федерациясы тарабынан сыйланды

Иш-чара Азия теннис федерациясынын Бангкоктогу жалпы сессиясынын алкагында өттү. Кыргыз теннис федерациясынын президенти Нурдин Медетов Орто Азияда теннисти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды. ATF жана ITF турнир квоталарынын көбөйтүү, календардык планды оптимизациялоо, машыктыруучуларга семинар уюштуруу, JTI программасы боюнча иш алып баруу жана Кыргызстанда теннисти өнүктүрүүдөгү талыкпас эмгеги үчүн аталган федерация Азиядагы мыкты федерация аталды.

Толугу менен...

"Мурас" турнири: Президент мекендештерди сергек жашоого чакырды

Бишкекте 8-9-декабрда өтүүчү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтка айланган «Мурас» достук турнири өтүүдө. Бүгүн, 8-декабрда, иш-чаранын ачылышы «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде болду. Турнирге 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнгөн.

Толугу менен...

Кыргызстандык самбочу эл аралык мелдеште коло утту

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Байэл Жакшылыков Россияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Толугу менен...

Хайитхон Хусан кызы Япониядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Японияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Толугу менен...

Кыргызстандык кикбоксчулар Дүйнө чемпионатында үч коло утту

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатында үч коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчу кураш боюнча Дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандын кураш боюнча курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан ХХIV Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Толугу менен...

"BISHKEK OPEN - 2023" олимпиадалык таэквондо боюнча биринчиликтин жыйынтыгы

25-26-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда таэквондо боюнча “Bishkek Open 2023” Бишкектин ачык олимпиадалык чемпионаты болду. Турнир КРдин Улуттук таэквондо федерациясынын колдоосу астында өттү. Биринчиликти Таэквондо академиясы уюштурган.

Толугу менен...

Бишкекте дзюдо боюнча республикалык турнир аяктады

Бишкекте ардагерлер күнүнө карата дзюдо боюнча республикалык ачык турнир аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, "Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары мелдештин жеңүүчүлөрү болушту.

Толугу менен...

Осмоналиевдин 70 жылдык маарекесине арналган эл аралык мелдеш аяктады

Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда оор атлетика боюнча ХХХV эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Толугу менен...

Бишкекте баскетбол боюнча мелдеш өттү

Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп лигасы» уланууда. Муниципалитеттен маалымдашкандай, мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектеп, гимназия жана жеке мектептердин 15 миңден ашуун окуучусу катышууда.

Толугу менен...

Бишкекте бадминтон боюнча чемпионат өттү

Бишкекте 19-ноябрда эркектер жана аялдар арасында бадминтон боюнча турнир болуп өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук мелдешке 40тан ашык адам катышты. Чемпионат беш категорияда өткөрүлдү: жалгыз эркектер, аялдар, эркектер, аялдар жана аралаш жуптар.

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчу ушу боюнча дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Толугу менен...

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 20-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, КР эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Толугу менен...

Кыргызстандык жаш дзюдочулар Азия чемпионатында алты медаль жеңди

Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңди. Анын ичинде 1 алтын, 3 күмүш жана 2 күмүш. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Толугу менен...

ӨКМдин кызматкери пауэрлифтинг боюнча дүйнөдө биринчи болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Тилек Арапбаев 16-19-ноябрда Бишкекте өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Толугу менен...

Ошто окуучулар аскердик даярдык жана спорттук мелдеште күч сынашты

Мекенди коргоо эң ыйык милдет! 2023-жылдын 17-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине караштуу ок атуучу машыгуу полигон талаасында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер» аскердик-патриоттук, спорттук жана тарбиялык мелдеши болуп өттү.

Толугу менен...

Кыргызстандык дзюдочулар "Токио Гранд Слам-2023" мелдешине катышат

Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтө турган Токио Гранд Слам 2023 мелдешине катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 2-3-декабрь күндөрү өтөт.

Толугу менен...

Бишкекте фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Биринчилик 19-ноябрда эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катыша алат. Башталышы саат 10:00.ьДареги: 7-кичи району, 38/1 “Мушкетеры” залы.

Толугу менен...

Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында VIII шахмат чемпионаты старт алды

Бишкекте майыптыгы бар балдар арасында Кыргызстандын VIII шахмат чемпионатына старт алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Толугу менен...

Кыргызстандык гимнасттар эл аралык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандын гимнастика боюнча улуттук курама командасы “Огни Енисея” мелдешине катышты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-ноябрь күндөрү Россиянын Красноярск шаарында өттү.

Толугу менен...

«Мектеп Лигасы»: Бишкекте бадминтон боюнча мелдеш өттү

Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп Лигасы» уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектептер, гимназиялар жана жеке мектептер катышып, жалпысынан 15 миңден ашуун мектеп окуучулары катышууда.

Толугу менен...

Касенов жана Осмоналиев олимпиадачыларды даңктоо иш-чарасына чакырылды

Улуттук олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Касенов Шаршеналы жана Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев Мехико жана Греноблда өткөн олимпиада оюндарынын 55 жылдыгы, Калгари жана Сеулда өткөн олимпиаданын 35 жылдыгы, Пхенчанда өткөн олимпиаданын 5 жана Пекинде өткөн олимпиаданын 1 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага чакыруу алышты. Иш-чара 2023-жылдын 8-декабрында болот.

Толугу менен...

Баткенде заманбап спорт комплекси курулууда

Баткен шаарында жаштар үчүн бардык шарты бар заманбап спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлугүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Толугу менен...

Бишкекте шаар тургундарынын арасында күзгү спартакиада өттү

Бишкектин Биринчи май, Октябрь, Ленин жана Свердлов райондорунун жашоочулары арасында күзгү спартакиада өттү. Спартакиаданын алкагында спорттук аянтчаларда волейбол, кичи-футбол, стол тенниси, аркан тартыш жана шахмат боюнча мелдештер өттү.

Толугу менен...

Жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 10 алтын медаль утту

Латвияда өткөн жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын спортчулары ийгиликтүү оюн көрсөтүштү. 10-12-ноябрь күндөрү Даугавпилс шаарында “Combat Ju-Jutsu” турнири өттү. Кыргызстандыктар 20 медаль - 10 алтын, 5 күмүш жана 5 коло байгеге ээ болушту.

Толугу менен...

Испаниялык спортчу Кыргызстандын курама командасын машыктырат

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп испаниялык Луис Бернат Молина дайындалды. КРдин Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, 14-ноябрда Кыргызстандын футбол союзунун кеңсесинде келишим түзүлдү.

Толугу менен...