AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 20-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери, КР эмгек сиӊирген машыктыруучусу, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары, спортчунун жакындары, санаалаштары жана атайын коноктор катышты.

Мааракенин ачылышында келген расмий өкүлдөр кыргыздын чыгаан инсаны Каныбек Осмоналиевди 70 жылдык мааракеси менен куттукташып, анын талыкпас эмгеги, тайманбаган мүнөзүн баса белгилеп, Кыргызстанды дүйнөгө даңазалаган анын ийгиликтери тууралуу сөз кылышты.

Аны менен бирге Каныбек Осмоналиевдин чоӊ спортту таштагандан кийин спорт тармагында жөнөкөй машыктыруучудан баштап, жетекчилик кызматтарда ийгиликтүү иштегендиги, спорт комитетинин төрагасы учурунда Кыргызстандын аймактарында стадиондордун салынышында иштин башында туруп, аймактагы жаш спортчулардын муунунун өсүшүнө чоң мүмкүнчүлүк бергени айтылды.

Ардагер спортчунун спорт чөйрөсүндө адилеттиктен тайбай, акыйкат иш, спорттогу багынткан бийиктиктер менен Кыргызстан гана эмес, дүйнө элине таанылган улуу инсан катары сыйлай тургандыгы, спорт чөйрөсүндө басып өткөн жолу - кыргыз элине, жалпы журтка үлгү, спорттогу жеӊиштери дүйнөлүк тарых барагында алтын тамга менен жазылып калат деп белгилешти.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Бейшеке айылында 1953-жылы 19-ноябрда жарык дүйнөгө келген.