2023-10-03
Жаңылыктар
Олимпиада: Атабек Азисбеков — Кыргызстандын курама командасынын капитаны

Балбан Атабек Азисбеков Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасынын капитаны болот.
Токио Олимпиадасына бара турган бардык спортчулар вируска каршы вакцина алышты

Олимпиадалык оюндарына бара турган Кыргызстандын курама командасынын бардык мүчөлөрү коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты.
Паралимпиада комитети Кыргызстандагы спорттук долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

«Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азия Паралимпиада комитетинин президенти Мажид Абдулла Рашед аль-Усайми кызматташтык маселелерин талкуулады.
Токио Олимпиадасындагы: кыргызстандык спортчулардын графиги

32-Жайкы Олимпиада оюндары 2021-жылы Япониянын Токио шаарында өтөт. Учурда Кыргызстандан 18 спортчу Олимпиада оюндарга катышуу укугун жеңип алууга жетишкен. Токиодогу сууда сүзүүчү Денис Петрашов эки аралыкта - 100 жана 200 метр аралыкта брасс ыкмасы менен чуркайт.
Валейбол боюнча кыргызстандын курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу үйлөндү

Валейбол боюнча кыргызстандын курама командасынын капитаны «Мыкты оюнчу» номинациясынын ээси Оңолбек Каныбек уулу бойдокчулук менен кош айтышы. Үйлөнүү тою кечээ борбор калаадагы той каналдардын биринде болгон. Маалыматка ылайык келинчеги Кундуз Карыпбекова 29 жашта. Кесиби боюнча дарыгер.
Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн мелдеште кыргыз спортчулары жети медалга ээ болду

24-28-июнь күндөрү Фергана шаарында (Өзбекстан) өткөн Евразия Кубогу-2021 мелдешинде Кыргыз Республикасынын ITF таэквондо федерациясынын спортчулары (президенти - Керимбек Мияров) ийгиликке жетишти.
Джиу-джитсу боюнча чемпионат Бишкекте өттү

26-27-июнь күндөрү "Динамо" спорт комплексинде 2001-жылы туулган уландар арасында жиу-джитсу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.
Нурсултан Кеңешбеков жана Мусулман Жоломанов Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында (Беларусь) өткөн Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти.
Баткенге заманбап стадион курулат

Баткен облусуна заманбап сдадион курулат. Бул тууралуу Түркиянын элчиси Ахмед Садык Догандын Баткенге болгон иш сапарында белгилүү болду. Ал эми эскилиги жеткен стадион 1969- жылы пайдаланууга берилип, учурда оюн аянтчасы жараксыз абалда.
Өзбекстанда өткөн Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 18 медаль жеңди

Өзбекстандын Хива шаарында Mas-Wrestling World Cup 2021 Эл аралык турнир болуп өттү. Мелдеш 16-21 июнь күндөрү болуп, ага Кыргызстандын атынан 33 спортчу катышкан. Турнирдин алкагында спорттун таяк тартышуу түрү боюнча болду. Мелдешке жети мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан 33 спортчунун 18и байгелүү орундарга жетишкен. 85 кг салмакта катышкан Айжан Анарбекова биринчи орунга ээ болсо, уландар арасында 70 кг салмакта катышкан Элдос Айтбеков алтын медаль тагынды. Мындан сырткары беш спортчу күмүш медалга ээ болсо, ал эми он бири коло медалга ээ болгон.
Президент Жапаров «Дордой» стадионун текшерүүнү токтотууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага «Дордой» футболдук клубунун стадиону боюнча текшерүүнү токтотууну тапшырды.
Владимир Золоев Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Владимир Золоев 81 кг салмактык даражада Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды.
Каныкей Кубанычбекова Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алды

Ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова Токиодо өтүүчү ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул VP-6 машыгуусундагы ок атуу боюнча бардык эл аралык оффлайн жана онлайн мелдештер аяктагандан кийин белгилүү болду (пневматикалык мылтык 10 метр).
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстандан 7 медаль менен кайтышты

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү «Гусман Косанов мемориалы» салттуу эл аралык мелдешинде 6 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 2 коло) жеңди. Мелдеш 19-20-июнь күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өттү.
Кыргызстандык Сатарова Алматыдагы мелдеште 1 млн тенге утту

Кыргызстандык Гүлшан Сатарова Алматы шаарында өткөн жарым марафонду жеңди. Мелдеш кечээ, 20-июнда өткөн.
Т. Колпакованын сыйлыктарына арналган жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдештин жыйынтыгы

12-13-июнь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада (Бишкек шаары) Татьяна Колпакованын сыйлыктарына арналган лицензиялык эл аралык мелдеш өттү.
Дзюдо боюнча курама команда Түркияда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 20-30-июнь күндөрү Анталия шаарында (Түркия) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат.
Окуу-машыгуу жыйынга төмөнкү курамда катышат:
Дастан Камчыбеков Германиядагы сууда сүзүү боюнча пара олимпиада күмүш медалды жеңип алды

Кыргызстандык пара спортчу Дастан Камчыбеков Германияда өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште күмүш медалга ээ болду. Дүйнөлүк парашют сериясындагы турнир Берлинде өтүп жатат.
"Ден соолук" спартакиадасы Чолпон-Ата шаарында өтөт

21-28-июнь күндөрү Голубой Ысык-Көл санаториясында Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында Ден-соолук спартакиадасы өтөт. Спартакиадага жалпы билим берүүчү мектептеринин жана кошумча билим берүүчү мекемелердин кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын жана аймактардан командалары катышат алат.
Кыргызстандык самбочулар жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 12 медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 12 медалга ээ болду. 2021-жылдагы жаштар арасындагы Азия чемпионаты 4-6-июнь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн. Кыргызстандыктар 12 медалга ээ болушту - 4 күмүш жана 8 коло.
Кыргызстандык оор атлетчи Токио олимпиадасына жолдомо утуп алды

Кыргызстандык спортчу Бакдөөлөт Расулбеков Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Оор атлетчилер үчүн дүйнөлүк жана континенталдык масштабдагы ар кандай турнирлердеги көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык лицензиялар берилди.
«Кыргызстандын бермети» V эл аралык фестивалы

5-11-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылында «Кыргызстандын бермети» V эл аралык фестивалы өтөт.
Бишкекте "Түнкү жарым марафон" өтөт

Үчүнчү түнкү жарым марафон Бишкекте 19-июнда өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл жарыштын орду өзгөрдү - жарым марафон жолу Чокан Валиханов көчөсү менен Чүй проспектиси аркылуу өтөт.
Генерал-майор Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган курөш боюнча Ички иштер министрлигинин чемпионаты аяктады

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин юбилейлик онунчу чемпионаты Милициянын генерал-майору Темиркан Субановдун жаркын элесине арналды. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке республиканын дээрлик бардык аймактарынан жүздөн ашуун спортчулар катышты.
Руслан Минадиров Оруссия да өткөн мелдеште жеңишке жетишти

Эл аралык Triway Arena Run турнири Ростов-на-Дону шаарында (Россия) 6-июнда өттү. 5 км аралыкка чуркоодо Кыргызстандан спорттчу Руслан Минадиров катышты.
Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.
Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты жыйынтыкталды

31-майдан 2-июнга чейин Бишкек шаарында заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка Бишкек шаарынын олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринен келген жалпы 38 спортчу катышты.
Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов 5-июнда Бишкекке келди. Аны эл аралык «Манас» аэропортунан Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев, анын орун басары Союзбек Надырбеков, үй-бүлөсү, туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.
Футболчу Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат

Кыргызстандык белгилүү футболчу, машыктыруучу жана коомдук ишмер Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команда эл аралык турнирлерге даярданууда

Эл аралык турнирлерге ийгиликтүү даярдануу максатында, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл районунун Кажы-Сай айылында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ТКБ 26-майда башталып, 18-июнда аяктайт.