AUCA the best 2

2023-12-05

Жаңылыктар

Кыргызстандык самбочулар жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 12 медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 12 медалга ээ болду. 2021-жылдагы жаштар арасындагы Азия чемпионаты 4-6-июнь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн. Кыргызстандыктар 12 медалга ээ болушту - 4 күмүш жана 8 коло.

Толугу менен...

Кыргызстандык оор атлетчи Токио олимпиадасына жолдомо утуп алды

Кыргызстандык спортчу Бакдөөлөт Расулбеков Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Оор атлетчилер үчүн дүйнөлүк жана континенталдык масштабдагы ар кандай турнирлердеги көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык лицензиялар берилди.

Толугу менен...

Бишкекте "Түнкү жарым марафон" өтөт

Үчүнчү түнкү жарым марафон Бишкекте 19-июнда өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл жарыштын орду өзгөрдү - жарым марафон жолу Чокан Валиханов көчөсү менен Чүй проспектиси аркылуу өтөт.

Толугу менен...

Генерал-майор Темиркан Субановдун жаркын элесине арналган курөш боюнча Ички иштер министрлигинин чемпионаты аяктады

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин юбилейлик онунчу чемпионаты Милициянын генерал-майору Темиркан Субановдун жаркын элесине арналды. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке республиканын дээрлик бардык аймактарынан жүздөн ашуун спортчулар катышты.

Толугу менен...

Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты жыйынтыкталды

 31-майдан 2-июнга чейин Бишкек шаарында заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка Бишкек шаарынын  олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринен келген жалпы 38 спортчу катышты.

Толугу менен...

Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов 5-июнда Бишкекке келди. Аны эл аралык «Манас» аэропортунан Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин  директору Канат Шабданбаев, анын орун басары Союзбек Надырбеков, үй-бүлөсү, туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.

Толугу менен...

Футболчу Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат

Кыргызстандык белгилүү футболчу, машыктыруучу жана коомдук ишмер Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Толугу менен...

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команда эл аралык турнирлерге даярданууда

Эл аралык турнирлерге ийгиликтүү даярдануу максатында, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл районунун Кажы-Сай айылында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ТКБ 26-майда башталып, 18-июнда аяктайт.

Толугу менен...

Вьетнамдын таэквондо боюнча аялдар командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө

Вьетнамдык таэквондо боюнча дүйнөлүк аялдар командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Вьетнамдык команда 2021-жылы Ливандын Бейрут шаарында өтө турган Азия чемпионатын баштоого даярданууда. ТКБ 10-июнга чейин өткөрүлөт.

Толугу менен...

Дзюдо федерациясын өкүлдөрүн сыйлоо аземи

Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Савурджан Аматов, Ислам Баялинов, Роман Кузьмин, Елена Исакова, Айзат Кадыралиевге дзюдо спортунун өнүгүшүнө кошкон татыктуу салымдары үчүн сыйланды.

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчу Ташкенттеги турнирде алтын утуп алды

Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков Ташкентте (Өзбекстан) өткөн эл аралык турдун жеңүүчүсү болду. Өзбекстандын ачык чемпионаты 27-28-май күндөрү өттү.

Толугу менен...

Дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионат: Кыргызстандын курамасына кимдер кирди

Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын дүйнөлүк чемпионатка катышуучу акыркы курамы белгилүү болду. Турнир 6-13-июнь күндөрү Будапешт шаарында (Венгрия) өтөт.

Толугу менен...

Бишкекте ок атуу боюнча шаар биринчилиги өттү

15-майда пневматикалык куралдан жана мылтыктан ок атуу боюнча Бишкек чемпионатынын ачылышы болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Толугу менен...

Артем Новиков 20 гектар жерге спорт шаарчасын түзүү долбоору ишке ашат деп үмүттөнөт

20 гектардан ашык аянттга "Спорт шаарчасын түзүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы, мурдагы биринчи орун басары Артем Новиков өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

Толугу менен...

Кыргызстандын оор атлетчилери өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы 21-майдан 31-майга чейин Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүүчү өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат.

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчулар пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга ээ болушту

Пара жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Адилет Камчыбеков Ноттвилде (Швейцария) 14-16-май күндөрү өткөн пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга (2 алтын, 1 коло ) ээ болушту.

Толугу менен...

"9*19* ок атуу спорттук комплекси эки жашта

Кыргызстандагы ок атуу спорту эки жашта. Аталган спорт  2019-жылы 19-май күнү өз ишин баштаган. Өлкө аймагында ок атуу спортунун эки багыты камтылган. Ок атуу (олимпиадалык дисциплина) – бул пневматикалык мылтык, тапанча жана майда калибрдүү мылтыктан атуу. 

Толугу менен...

WTF таэквондо боюнча курама команда Азия лицензиялык мелдешке катышат

 WTF таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү 21-22-май күндөрү Амман шаарында (Иордания) өтө турган  Азия лицензиялык мелдешке катышат.  

Толугу менен...

Кыргызстандык дзюдочулар кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия Кубогунда 3 алтын медаль тагынышты

Кыргызстандык дзюдочулар 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өткөн  кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия Кубогунда 3 алтын медаль тагынышты. 

Толугу менен...

ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафонунун жыйынтыктары

Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону өттү. 

Толугу менен...

ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды

 Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды. 

Толугу менен...

Дзюдо боюнча кыздар курама командасы өспүрүмдөр арасында Азия Кубогуна катышат

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын кыздар курама командасынынын мүчөлөрү 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтө турган өспүрүмдөр арасында Азия Кубогуна катышат.  

Толугу менен...

Улуу жеңишке 76 жыл

Бүткүл Кыргызстан бүгүн Улуу жеңиш күнүн белгилөөдө. 9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

Толугу менен...

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси кызматтан кетти

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов ээлеген кызматынан кетти.

Толугу менен...