AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды

 Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды. 
Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев,  ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.     Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан өткөрүлүп жатат.  
Булак: sport.gov.kg