2024-07-27
Жаңылыктар
Т. Колпакованын сыйлыктарына арналган жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдештин жыйынтыгы
12-13-июнь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада (Бишкек шаары) Татьяна Колпакованын сыйлыктарына арналган лицензиялык эл аралык мелдеш өттү.
![](/images/1623306008_ikonka.jpg)
Салтка айланып калган эл аралык мелдеш быйыл жыйырма үчүнчү жолу уюштурулуп, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан келген жалпы 104 спортчу катышты.
Ошондой эле мелдештин жүрүшүндө Өзбекстандан келген 2 спортчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алышты.
Булак: sport.gov.kg