2023-12-05
Жаңылыктар
Көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат өтөт

Улуттук оюндарды утурлай, көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди. Мелдеш 18-24 октябрь күндөрү Чүй облусунунун Сокулук районунун "Белек" ат майданында өткөрүлөт.
Президенттин кубогу: Тайпалык оюндардын жыйынтыгы жана эртеңки беттештердин тизмеси

Бүгүн 23-августта КРнын президентинин кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш старт алды. Мелдеш Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында орун алган ат майданында өтүүдө. Бүгүн биринчи лигада ойногон командалар беттешти. Ошондой бүгүнкү оюндун жалпы жыйынтыктары:
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча КР Президентинин Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт

22-31-августь күндөрү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт.
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча КР Президентинин Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт

22-31-августь күндөрү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт.
Афганистан командасы көк бөрү боюнча КРнын Президентинин Кубогуна катышат

28-июнда Кыргыз Республикасынын Көк Бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбековдин Афганистандын көк бөрү боюнча «Кандагар» командасынын жетекчиси Кайс Хасан менен онлайн видео жолугушуусу өттү.
Москва районунун командасы Чыңгыз Айтматовдун кубогун жеңип алды

Сергиев Посад шаарында (Россия) Чыңгыз Айтматов Кубогу үчүн көк-бор боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Мелдеш 2021-жылы Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына даярданууга арналган. Турнирде
3-орун жана коло медалдар үчүн болгон беттеште Подольск командасы Атуул командасы (Кыргызстан) менен беттешип, 12: 2 эсебинде жеңишке жетишти.
Чынгыз Айтматов Кубогу Көк бөрү турнири Россияда өтөт

Оруссияда Чыңгыз Айтматов Кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Кыргыз Республикасынын Көк-Бөрү федерациясынан билдириргендей, мелдеш 13-июнда Москва облусунун Сергиев Посад шаарында (Россия) өтө турган "Орус дүйнөсү" фестивалынын алкагында өтөт.
Таласта Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өтөт

4-9-май күндөр Райкан Алканов атындагы ат майданында (Талас шаары) Жеңиш күнүнө карата Сүймөнкул Чокморовдун жана Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары өтөт.
Көк бөрү боюнча Талас облусунун чемпиону аныкталды

17-февраль күнү Талас районундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында көк бөрү оюну боюнча Талас облусунун чемпионаты жыйынтыкталды.
Кара- Кулжада "Тасма" коомдук бирикмесинин көк бөрү оюну өттү

Кара- Кулжада "Тасма" коомдук бирикмесинин алгачкы көк бөрү оюну өттү. Бул туурасында аталган коомдук бирикмесинин төрагасы Талантбек Тиленбаев topsport.kg. сайтына маалымдады.
Белек Мукаев: “Көк бөрүнү өнүктүрүү үчүн мектептерди ачуу зарыл”

Көк бөрү алгач калк арасында гана ойнолуп келген болсо, учурда ЮНЕСКОго катталып байма-бай турнилер уюштурулууда. Мындан сырткары ар бир аймактан командалар түптөлүп, улуттук оюндун улуулугу дагы да болсо даңазаланып келет. Көк бөрүнүн мурунку жана азыркы деңгээли тууралуу легендарлуу улакчы Белек Мукаев менен маектештик.
Көк бөрү боюнча Кара-Кулжанын кубогу өткөрүлдү

2-3-январь күндөрү Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында көк бөрү боюнча “Кара-Кулжа ынтымагы” кубогу жыйынтыкталды.
Жылдызбек Айтимбетов: “Аламан улакка эреже киргизип, федерация түзүш керек”

Өткөн жума Өзгөн районунун “Шагым” айылында аламан улак болуп, келген коноктордун видеосу интернетке тарады. Эл арасында кеңири тараган көк бөрүнүн бул түрүн өткөргөн жаран Жылдызбек Айтимбетов менен маектештик.
Алмаз Сманбеков эл аралык турнирде алтын тагынды

Кыргызстандык Алмаз Сманбеков Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Турнир 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында өттү.
Белбоо күрөшчүлөр эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Күрөш федерациясы ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады

1-ноябрда Күрөш федерациясы ушул жылы эл аралык ири мелдештерде – дүйнө биринчилигинде, Азия оюндарында жана башка эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен спортчуларды сыйлады.
Бегайым Бейшеналы кызы Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту

Казак күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Бегайым Бейшеналы кызы Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Алышчылар дүйнөлүк оюндарда 5 медаль утту - үчөө алтын

Кыргыз Республикасынын “Алыш” белбоо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында (Сауд Арабия) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 5 медаль (3 алтын, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Кыргызстандык төрт балбан дүйнөлүк рейтингде алдыга чыкты

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Кытайда өткөн Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча жаңыланган дүйнөлүк рейтингин жарыялады.
Калмира Билимбекова Албанияда өтө турган дүйнө чемпионатына (U-23) катышат

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Албанияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуучу акыркы курамы белгилүү болду.
U-23: Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (U-23) (грек-рим күрөшү, эркин күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат.
Айпери Медет кызы UWW дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунду ээледи

Айпери Медет кызы Айпери Медет кызы Бириккен күрөш уюмунун (United World Wrestling) версиясы боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалат.
Бишкекте Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өткөн XIX жайкы Азия оюндарынын байге ээлерине акчалай сыйлактарды тапшырды.
Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Сардана Трофимова Кыргызстанга келди

Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча коло медаль алган кыргызстандык Сардана Трофимова Бишкекке кайтып келди.
Азия оюндары. Орозобек Токтомамбетов өлкө капчыгына дагы бир коло алып келди

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.
Азия оюндары. Айаал Лазарев коло байгенин ээси болду

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айаал Лазарев Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону аталды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын медаль багындырып, чемпион аталды.
Азия оюндарында Нурзат Нуртаева күмүш медалга татыды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медалга татыды.
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байге утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль утту.