AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Айпери Медет кызы UWW дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунду ээледи

Айпери Медет кызы Айпери Медет кызы Бириккен күрөш уюмунун (United World Wrestling) версиясы боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалат.

Анын маалыматына ылайык, кыргызстандык айымдын эсебинде 82 миң 600 упай бар.

Белгилей кетсек, жаңыланган рейтингде Медет кызы Сербияда өткөн турнирдин финалында утулуп калган азыркы дүйнөнүн чемпиону япониялык Юка Кагамини ашып өткөн.