AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Турнир бул күндөрү Албанияда өтүп жатат. Алмаз уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.

Ал 1/8 финалдан баштап, Түркия менен Беларустун спортчуларын экиден жеңип, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө Алмаз уулу нейтралдуу желек астында күч сынашып, Орусиянын өкүлүнө утулуп калды.

25-октябрда кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн казакстандык спортчу менен беттешип, аны 6:3 эсебинде жеңип, финалдык 3-орунду ээледи.

24-октябрда Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль тагынды.