AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Дүйнөлүк чемпионат: Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жыйынтыктары

Жаш өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Уфа шаарында өткөн  дүйнө чемпионатында бир медалга ээ болду. Эркин күрөш боюнча турнир 16-18-августта Уфа шаарында өттү. Эркин күрөш боюнча турнирде 10 комплект медаль ойнотулган. Ал эми   Кыргызстандан 10 спортчу катышкан.

Толугу менен...

Дүйнө биринчилиги: Калмира Билимбек кызы күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш медалдын ээси болду. 55 килограмм салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен күч сынашып, 7:6 эсебинде жеңишти алдырган.

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчу Калмира дүйнө биринчилигинин финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы Россияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин финалына чыкты. Ал 55 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.

Толугу менен...

Кыргызстандык эки балбан каддеттер арасында дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбандар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аталды. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнө бирикмесинин расмий сайтына жарыяланды.

Толугу менен...

Кыргызстандык эки балбан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты

Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандан эки спортчу финалга чыкты.  Бүгүн 25-июлда грек-рим күрөшү боюнча акыркы 5 салмак категориясында мелдештер башталат. Кыргызстандан 5 балбан килемге чыкты.

Толугу менен...

Жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты: 23-июлга карата жуптар

Венгрияда эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин бешинчи күнү 23-июлда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш башталды. анда жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулат. Турнир 5 салмак категориясы боюнча болот. Килемге Кыргызстандан 5 спортчу чыгат.

Толугу менен...

Имронбек Рахманов жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Имронбек Рахманов Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Рахманов 21-июль күнү 45 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште индиялык Кумар Шоурияны 6:0 эсебинде жеңип алган.

Толугу менен...

Күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча  Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү 17-26-июль күндөрү Будапешт шаарында (Венгрия) өтө турган спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр арасы Дүйнө чемпионатына катышышат.  

Толугу менен...

Олимпиада: Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы

Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын акыркы курамы аныкталды. Турнирлердин жыйынтыгы менен Кыргызстандын 9 балбаны Олимпиадага бара турган болгон (жалпы 18 жолдомо бар).

Толугу менен...

Тыныбекованын спорттук карьерасында Токио олимпиадасы үчүнчү болот

Айсулуу Тыныбекова август айында Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарында жолдомо алган. Япониядагы оюндар кыргызстандык балбандын спорттук карьерасындагы үчүнчү оюн болот.

Толугу менен...

Айаал Лазарев Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алды

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айаал Лазарев Токиодо өтүүчү ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу UWW күрөш дүйнөсүнүн бириккен дүйнөсү София шаарында (Болгария) өткөн эркин күрөш боюнча дүйнөлүк олимпиадалык тандоо турниринде допингге каршы эрежени бузгандыгы белгилүү болгондон кийин Индиянын спортчусу Сумит Малик белгилүү болду.

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчу Дүйшөмбү шаарында өткөн күрөш боюнча турнирде коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Мирлан Эралиев 27-июнда Дүйшөмбү шаарында өткөн улуттук күрөш түрү (гуштингири) боюнча эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду.

Толугу менен...

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 28-июндан 11-июлга чейин Таллин шаарында (Эстония) эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт.

Толугу менен...

Эркин күрөш боюнча курама команда «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль жеңди

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия)  өткөн «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль ( 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло) жеңди. 

Толугу менен...

Эркин күрөш боюнча курама команда «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешине катышат

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия)  өтө турган «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешине катышат.  

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 5 медаль жеңди

18-20-июнь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн эл аралык Vehbi Emre & Hamit Kaplan мелдешине катышты.

Толугу менен...

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык мелдешти жеңип, дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты. Тыныбекова8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн эл аралык мелдеште 62 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль жеңди. Бул мелдеш балбандардын рейтингине дагы таасир этмек. Себеби байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга упайлар берилмек.

Толугу менен...

Poland Open: Мээрим Жуманазарова коло медал тагынды

 Мээрим Жуманазарова Польшада өткөн күрөш боюнча эл аралык турнирдин коло медалын жеңип алды. Ал 11-июнда турнирде 68 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/8 финалдык баскычтан баштаган. 59 килограммга чейинки салмак категориясында Кыргызстандан тайпалык баскычта медалдар үчүн күрөштөн чыгып калган эки спортчу күч сынашты.

Толугу менен...

Poland Open: Мээрим Жуманазарова бүгүн беттешет

Варшава (Польша) шаарында өтүп жаткан Эл аралык мелдеште Мээрим  Жуманазарова беттешет.11-июнда аялдар арасында эркин күрөш боюнча 5 медалдар топтому ойнотулат. Килемге Кыргызстандан үч спортчу чыгат. Алар Нураида Анаркулов жана Назира Марсбек кызы (экөө тең 59 кг чейин), ошондой эле Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин).

Толугу менен...

Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирдин алтынын жеңип алды

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Польшада өткөн эл аралык Poland Open-2021 турниринин жеңүүчүсү болду. Ал 10-июнда чейрек финалдык баскычтан баштаган.Тыныбекова 62 кг салмак категориясындагы катышты.

Толугу менен...

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине даярдык көрөт

 Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 17-20- июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия)  өтө турган «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине катышат. 

Толугу менен...

Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү 4 медаль жеңишти

 Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн «Champions 2021» XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль (2 күмүш, 2 коло) жеңишти. 

Толугу менен...