AUCA the best 2

2024-05-05

Жаңылыктар

Дүйнө чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча Акыйкат Кулжигит уулу коло медаль тагынды

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Акыйкат Кулжигит уулу коло медаль тагынды.

Балбан 55 килограммга чейинки салмак категориясында тажикстандык Аслонжон Азизов беттешкен. Жыйынтыгында 9:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Кулжигит уулу таймаштын 1/8 бөлүгүндө утулуп калган өзбекстандык атаандашы финалга чыккандыктан коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган эле. Жубатуучу беттеште румыниялык балбанды 8:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңген.

Биринчилик Уфа шаарында өтүп жатат. Белгилей кетсек аталган турнирде грепплинг, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча спортчулар күч сынашууда.