2024-11-21
Жаңылыктар
Олимпиада: Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы
Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын акыркы курамы аныкталды. Турнирлердин жыйынтыгы менен Кыргызстандын 9 балбаны Олимпиадага бара турган болгон (жалпы 18 жолдомо бар).
Токиодогу күрөш боюнча мелдештер 1-7-августта өтөт.
Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы
Грек-рим күрөшү
60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков
77 кг чейин — Акжол Махмудов
87 кг чейин — Атабек Азисбеков
97 кг чейин — Үзүр Жузупбеков
Эркин күрөш (мырзалар)
65 кг чейин — Эрназар Акматалиев
125 кг чейин — Айаал Лазарев
Эркин күрөш (кыз-келиндер)
62 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова
68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова
76 кг чейин — Айпери Медет кызы.