2024-11-04
Жаңылыктар
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине даярдык көрөт
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 17-20- июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өтө турган «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине катышат.
Ошондой эле спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-ииюнь күндөрү Бакуриани шаарында (Грузия) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрүшөт.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат:
1. Жоломан Шаршенбеков, ЭДСЧ, 60 кг;
2. Калы Сулайманов, ЭДСЧ, 60 кг;
3. Амантур Исмаилов, ЭДСЧ, 67;
4. Марлен Асыкеев, СЧ, 67 кг;
5. Руслан Царев, ЭДСЧ, 72 кг;
6. Акжол Махмудов, ЭДСЧ, 77;
7. Акылбек Талантбеков, СЧ, 77 кг;
8. Калидин Асыкеев, СЧ, 82 кг;
9. Атабек Азисбеков, ЭДСЧ, 87 кг;
10. Азат Салидинов, СЧ, 87 кг;
11. Узур Жузупбеков, ЭДСЧ, 97 кг;
12. Бексултан Махмудов, СЧ, 97 кг;
13. Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу;
14. Азат Эркимбаев, башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлөт.
Булак: sport.gov.kg