2024-10-10
Жаңылыктар
Баткен футбол федерациясы мыкты деп табылды
Кечээ 10-декабрь күнү Football awards-2021 жыл мыктыларын тандоо салтанаты болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын мыкты футболчулары аныкталды.
Кыргызстандын мыкты футболчулары аныкталды
Бишкекте жыл жыйынтыгын чыгарган Кыргызстандын футбол боюнча мыктылар аныкталды.
Валерий Кичиндин учурдагы баасы?
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин Россиянын Улуттук футбол лигасындагы (ФНЛ) клубдардын оюнчуларынын арасында эң кымбат футболчулардын катарына кирди. Бул тууралуу «Трансфермаркт» («Transfermarkt») сайтынын рейтингинде айтылды.
Кыргызстандык футболчу Гулжигит Алыкулов Казакстан кубогуна ээ болду
Кыргызстандык спортчу Гүлжигит футбол боюнча 2021-жылкы сезондун Казакстандын Кубогун жеңип алды.
Футбол: Кыргызстандын курамасы Сингапурдун командасын жеңди
Кечээ 11-ноябрда БАЭде окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Сингапур курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Кыргызстандын футболчулары Азиянын клубдук чемпионатына катышат
Кыргызстандын футболчулары клубдар арасындагы Азия чемпионатына катышат. Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын оюнчулары Айжан Боронбекова менен Бактыгүл Токтоболотова Өзбекстандын «Бунёдкор» командасынын курамында ойнойт.
Кыргызстандын 23 жашка чейинки курама командасы Азия кубогунун финалына чыга алган жок
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) жаштар арасындагы Азия кубогунун финалдык баскычына чыга алган жок.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы (U-23) Азия кубогуна Оман курамасына утулуп калды
Кечээ 27-октябрь күнү футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курамасы 23 жашка чейинки курактагы командалар арасындагы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында экинчи беттешин өткөрдү.
Футбол: Азия кубогу U-23: Кыргыз футболчулары Араб Эмираттарын спортчуларын женди
Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы 23 жашка чейинки курама командалар арасындагы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү баштады.
Азия кубогуна тандоо үчүн Кыргызстандын курама командасы командасынын акыркы курамы
Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык командасынын Азия Кубогунун тандоо туруна (U-23) катышуу үчүн акыркы курамы белгилүү болду.
Нурдин Букуев Кыргыз футбол союзунун жаңы башкы катчысы болуп дайындалды
Нурдин Букуев Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды.
Футбол: Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде экинчи орунга чыкты
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде эки орунга көтөрүлдү.
Футбол: Кыргызстан Въетнамга 3:0 эсебинде жеңилип калды
Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) БАЭдеги машыгуу сборунда биринчи жолдоштук беттешин өткөрдү.
Футбол: Бүгүн Кыргызстандын курама командасы Веьтнам менен ойнойт
Бүгүн 17-октябрда Нурбек Жолдошовдун жетекчилиги астындагы Олимпиадалык команда 2022-жылдагы Азия Кубогунун (U-23) тандоо туруна даярдык көрүүдө Вьетнамдан келген атаандаштары менен ойнойт.
Футбол: Бишкекте кыз-келиндер арасындагы курама командалардын Азия кубогуна тандап алуу оюндары өтөт
Бишкекте кыз-келиндер курама командаларынын арасындагы 2022-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары өтөт. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо D тайпасынын беттештери өтөт. Тайпада БАЭ, Ливан, Мьянма жана Гуам командалары беттешет. Мелдеш 18-октябрда башталып 24-октябрга чейин уланат.
Футбол: Кыргызстандын курама командасы (U-23) машыгуусун Дубайда өткөрөт
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы БАЭде машыгуу өткөрөт.
Футбол: "Юность" кыз-келиндер курама командасы 2021-жылдагы Улуттук лиганын кубогуна ээ болду
6-октябрь күнү Базар-Коргон шаарындагы Асылбек Текебаев атындагы стадиондо Кыргызстандын Улуттук Лигасынын Кубогунун финалдык беттеши болуп өттү.
Кыргыз футбол союзунун жаңы президенти Медер Сыдыков болду
Кыргызстандын футбол союзунун президенти дайындалды. Кезексиз шайлоо бүгүн, 11-октябрда Бишкекте өттү.
Кыргызстандын курама командасы (U-20) Азербайжандын футболчулары менен эки беттеш өткөрөт
Футбол боюнча Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы октябрь айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов кызматтан кетти
Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов өзү жазган арызынынын негизинде кызматтан кетет. Маалыматка ылайык аткаруу комитетинин мүчөлөрү 11-октябрда конгресске чогулуп, Маматовдун отставкасын карап, уюмдун жаңы жетекчисин шайлайт.
Футбол: Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде кайрадан ТОП-100 гө кирди
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди.
КМШ Оюндары: Футзал боюнча курама команда
Футзал боюнча Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасы 4-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы эсепте 4-орунду ээледи.
КМШ Оюндары: Футзал боюнча Кыргызстан курама командасы Азербайджанды 8:3 эсебинде жеңди
Футзал боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы тайпалык беттеште Азербайжан курамасын 8:3 эсебинде жеңди.
Кыргызстандын жаш футболчулары Бангладештин курама командасын утту
Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) Бангладеш курама командасын утту.
Италия менен Англиянын беттешинен кыскача видео
Футбол боюнча Европа биринчилигинин чемпиону аныкталды. Финалдык беттеш бүгүн, 12-июлга караган түнү (Бишкек убактысы боюнча) Лондон шаарында өттү. «Уэмбли» стадионунда Италия менен Англиянын футболчуларды күч сынашты.
Евро-2020: Италия — чемпион
Италия курама командасы Европа футбол чемпионатын жеңип алды. Турнирдин финалдык беттеши 11-июлдан 12-июлга караган түнү Лондондо (Англия) өттү. Италия жана Англия курама командалары «Уэмбли» стадионунда беттешкен.
Азия жаштар Кубогу-2022: Кыргызстандыктар кимдер менен ойнойт?
Бүгүн, 9-июлда Ташкент шаарында (Өзбекстан) Азия-2022 жаштар кубогунун тандоо туруна чүчү кулак кармалды.
Нурдин Букуев футзал боюнча 4 Дүйнөлүк Кубокту тейлеген биринчи калыс
12-сентябрдан 3-октябрга чейин өтө турган 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатынын матчтарын Кыргызстандан барган калысы Нурдин Букуев Литвада калыстык кылат. Кыргыз Футбол Биримдигинин маалыматы боюнча, бул дүйнөлүк чемпионат Кыргызстандан барган калыс үчүн төртүнчүсү болот. Бул көрсөткүч боюнча Букуев рекорд коюп, ал төртүнчү дүйнөлүк чемпионатты башкарган ФИФАнын дүйнөдөгү биринчи калысы болот.
ЕВРО-2020: 1/4 финалдык беттеште ойной турган командалар аныкталды
Футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдык этабынын бардык командалары аныкталды. 26-29-июнь күндөрү 1/8 финалдык беттештер болуп, жыйынтыгында 1/4 финалдын 8 катышуучусу аныкталды. Бул этаптын беттештери 2-3-июль күндөрү Россия, Германия, Азербайжан жана Италияда өтөт.
Кыргызстандын жаш футболчулары Армениядагы эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынышты
Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-16) Арменияда өткөн эл аралык «Өнүгүү кубогунда» 2-орунду ээледи.