AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кыргызстандын мыкты футболчулары аныкталды

Бишкекте жыл жыйынтыгын чыгарган Кыргызстандын футбол боюнча мыктылар аныкталды.

Кыргыз футбол союзунун KFU FOOTBALL AWARDS салтанаттуу иш-чарасы бүгүн, 10-декабрда футболдун дүйнөлүк күнүнө карата өттү. Иш-чара өлкөдө 2015-жылдан бери уюштурулуп келет.

Номинация боюнча жеңүүчү аталгандар:

• "Мыкты спорттук уюм" — Баткен облусунун футбол ассоциациясы;

• "Футзал боюнча мыкты машыктыруучу" — Учкунбек Абдыжапар уулу;

• "Футбол боюнча мыкты судья" — Денис Шалаев;

• "Кыргызстандын мыкты футболчу кызы" — Айтурган Аскарова;

• "Футзал боюнча мыкты судья" — Нурдин Букуев;

• "Футбол боюнча мыкты машыктыруучу" — Александр Крестинин;

• "Профессионалдар лигасындагы мыкты футболчу" — Мирбек Ахматалиев;

• "Футзал боюнча мыкты оюнчу" — Шохрух Махмадаминов;

• "Кыргызстандын мыкты футболчусу" — Алимардон Шукуров.

 Белгилей кетсек, кыргыз футболу 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпекте Пишпек менен Верный шаарынын командаларынын ортосунда болгон. Жыйынтыгында 1:3 эсеби менен Верный шаарынын командасы уткан. Ушул күндөн тарта кыргыз футболунун тарыхы башталган.