AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Футбол: Бишкекте кыз-келиндер арасындагы курама командалардын Азия кубогуна тандап алуу оюндары өтөт

 Бишкекте кыз-келиндер курама командаларынын арасындагы 2022-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары өтөт. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо D тайпасынын беттештери өтөт. Тайпада БАЭ, Ливан, Мьянма жана Гуам командалары беттешет. Мелдеш 18-октябрда башталып 24-октябрга чейин уланат.

Бир күн мурун Азия Кубогунун тандоо турнирине катышуу үчүн төрт команданын делегациялары Бишкекке учуп келди. Тайпалык турдун биринчи туру 18-октябрга белгиленген, анда Мьянма менен Ливан биринчи беттеште кез келишет. 

 Белгилей кетсек, бул беттештерде Кыргызстандын адистери иштешет. Кыргыз футболдук союзунун Аткаруу комитетинин мүчөсү Кемел Токабаев бул беттештердин комиссары болуп дайындалды. Мындан сырткары мелдештин жергиликтүү калыстардан Рамина Цой менен Вероника Бернацкая тейлейт.

 Азия Кубогунун финалдык баскычы 2022-жылы Индияда өтөт.

Оюндар тизмеси:

18-октябрь (дүйшөмбү) 

12:00. Мьянма – Ливан 

17:00. БАЭ - Гуам 

 21-октябрь (бейшемби) 

12:00. Ливан – БАЭ 

17:00. Гуам – Мьянма 

 24-октябрь (ишемби) 

12:00. Мьянма – БАЭ 

18:00. Гуам - Ливан 

 Белгилей кетсек, бардык беттештер антиковиддик эрежелерге ылайык жабык режимде өтөт.