AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Кыргызстандык футболчу Гулжигит Алыкулов Казакстан кубогуна ээ болду

Кыргызстандык спортчу Гүлжигит футбол боюнча 2021-жылкы сезондун Казакстандын Кубогун жеңип алды.

Кечээ 28-ноябрь күнү «Астана Арена» стадионунда «Кайрат» менен Караганданын «Шахтер» командаларынын финалдык беттеши болду.

Биринчи таймда Кайрат Вагнер Лавдын аракети менен эки жолу гол киргизсе, экинчи таймда эки жолу гол өткөрүп жиберди. Кошумча убакытта Караганданын командасы алдыга чыгып, бирок алматылыктар эсепти тецишти — 3:3 эсебинде.

Жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Тагыраак айтканда, 9:8 эсебинде жеңишке жеткен «Кайраттын» оюнчулары болду. 11 метрлик соккулардын бирин Алыкулов ишке ашырган.

«Кайрат» келерки сезондо УЕФАнын конференциялык лигасында ойноого укук берген Казакстандын Кубогун жеңип алды. Ошондой эле Алматынын клубу Казакстандын чемпионатында 3-орунду ээледи.