AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Нурдин Букуев футзал боюнча 4 Дүйнөлүк Кубокту тейлеген биринчи калыс

12-сентябрдан 3-октябрга чейин өтө турган 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатынын матчтарын  Кыргызстандан барган калысы Нурдин Букуев Литвада  калыстык кылат.  Кыргыз Футбол Биримдигинин маалыматы боюнча, бул дүйнөлүк чемпионат Кыргызстандан барган калыс үчүн төртүнчүсү болот. Бул көрсөткүч боюнча Букуев рекорд коюп, ал төртүнчү дүйнөлүк чемпионатты башкарган ФИФАнын дүйнөдөгү биринчи калысы болот.
 
Букуевдин карьерасындагы биринчи дүйнөлүк чемпионат 2008-жылы Бразилияда болгон. Ошондой эле, 2012-2016-жылдардагы Дүйнөлүк Кубоктун матчтарында калыс болгон. Литвада өтө турган Дүйнө биринчилигин 40 калыстар тейлейт, алардын сегизи Азиядан. Чемпионатка Азия, Футбол Конфедерациясынан Кыргызстан, Иран, Япония, Австралия, БАЭ, Кытай жана Бахрейндин өкүлдөрү дайындалды.