AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Футбол: Кыргызстандын курама командасы (U-23) машыгуусун Дубайда өткөрөт

 Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук  курама командасы БАЭде машыгуу өткөрөт.
 
Команда Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыкты улантууда (U-23).
 
Улуттук курамда учурда 24 оюнчу бар. Команданын Дубайдагы машыгуусу 20-октябрга чейин уланат.
 
Кыргызстандын курама командасынын катышуусундагы тандоо туру 21-октябрдан 1-ноябрга чейин Фуджейра шаарында (БАЭ) өтөт. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча кыргызстандыктар Е тайпасына кирип, БАЭ, Индия жана Оман менен беттешет.
 
Турнирдин финалдык бөлүгүнө өз тайпаларынын 11 жеңүүчү командасы жана өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда өтөт.