AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Азия жаштар Кубогу-2022: Кыргызстандыктар кимдер менен ойнойт?

Бүгүн, 9-июлда Ташкент шаарында (Өзбекстан) Азия-2022 жаштар кубогунун тандоо туруна чүчү кулак кармалды.

Кыргызстандын курама командасы (U-23) Е тобуна кирип, анда БАЭ, Индия жана Оман менен ойнойт. Бул тайпанын беттештери 23-31-октябрь күндөрү БАЭде өтөт.

Финалга 11 команда чыгат — өз топторунун жеңүүчүлөрү жана өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда.

2022-жылдагы жаштар арасындагы Азия Кубогунун финалдык туру Өзбекстанда өтөт.