AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Валерий Кичиндин учурдагы баасы?

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Валерий Кичин Россиянын Улуттук футбол лигасындагы (ФНЛ) клубдардын оюнчуларынын арасында эң кымбат футболчулардын катарына кирди. Бул тууралуу «Трансфермаркт» («Transfermarkt») сайтынын рейтингинде айтылды.

Россиянын Улуттук футбол лигасындагы клубдардын оюнчуларынын баасы жаңылангандан кийин «Енисей» клубунда ойногон Кичин 750 миң еврого бааланып жатат. Ал эми буга чейин Кичин 800 миң еврого бааланып жаткан.

Муну менен Кичин Улуттук футбол лигасындагы клубдардын эң кымбат оюнчуларынын символикалуу курама командасына кирди.