2024-07-27
Жаңылыктар
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы (U-23) Азия кубогуна Оман курамасына утулуп калды
Кечээ 27-октябрь күнү футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курамасы 23 жашка чейинки курактагы командалар арасындагы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында экинчи беттешин өткөрдү.
![](/images/IMG-20211028-WA0008.jpg)
Турнирдеги экинчи бөлүгүндө Нурбек Жолдошевдин жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасы Оман командасына 0:1 эсебинде утулуп, жеңиш голун Оман футболчусу Аршад Саид 92-мүнөттө киргизген.
Маалыматка ылайык, Е тайпасында Кыргызстандын курама командасы катышкан тандоо турнири Фуджейра шаарында (БАЭ) БАЭ, Кыргызстан, Индия жана Оман курама командаларынын катышуусунда өтүүдө.
Эске салсак, 24-октябрда Кыргыз курама командасы 1-турда БАЭден келген теңтуштарын 2:1 эсебинде жеңген. Биздин командада голдорду Жапаров (77-мүнөттө) жана Шаршенбеков (87-мүнөттө) киргизди. Белгилеп кетсек, беттештин жүрүшүндө кыргызстандыктар атаандашынан 0:1 эсебинде жеңилип калган.
Ал эми 30-октябрь күнү 3-турдун беттештери болот. Кыргызстан Индия менен, Оман БАЭ менен ойнойт.
Жаштар арасындагы континенталдык чемпионаттын финалдык бөлүгүндө 11 команда – өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда катышууда. Алдыда 23 жашка чейинки командалар арасындагы Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.
Азия Кубогунун тандоо туру (U-23). E тобу:
1-тур, 24-октябрь:
Кыргызстан - БАЭ - 2:1
Индия - Оман - 2:1
2-тур, 27-октябрь:
Кыргызстан - Оман - 0:1
Индия - БАЭ
3-тур, 30-октябрь:
Кыргызстан - Индия
Оман - БАЭ