AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Кыргызстандын жаш футболчулары Армениядагы эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынышты

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-16) Арменияда өткөн эл аралык «Өнүгүү кубогунда» 2-орунду ээледи.

Кыргыз футбол союзу билдиргендей, мелдеш 20-июндан 24-июнга чейин Ереван шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын (U-16), Ливандын (U-16) курама командалары жана Армениянын эки (U-16 менен U-15) курамасы катышкан.

Бүгүн, 25-июнда мелдештин 3-туру өтүп, анын алкагында кыргыз футболчулары ливандыктарга каршы ойноп, атаандаштарын 4:2 эсебинде утуп алышты.

Муну менен кыргыз футболчулары мелдеште 2-орунду ээлеп, күмүш медалдарды тагынышты.

Буга чейин кыргыз футболчулары 1-турда Армениянын бир командасын жеңип (U-15), бир командасына (U-16) утулуп калышкан.