AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Италия менен Англиянын беттешинен кыскача видео

Футбол боюнча Европа биринчилигинин чемпиону аныкталды. Финалдык беттеш бүгүн, 12-июлга караган түнү (Бишкек убактысы боюнча) Лондон шаарында өттү. «Уэмбли» стадионунда Италия менен Англиянын футболчуларды күч сынашты.

Оюндун негизги бөлүгү 1:1 эсебинде аяктагандыктан футболчулар кошумча жарым саат ойношту. Бирок ал убакытта дагы жеңүүчү аныкталган жок. Ошондуктан алтын медалдардын тагдыры пенальтилер сериясында чечилип, анда Италия Англиядан күчтүү болуп чыкты.