2023-12-05
Жаңылыктар
Каратечи Адилет Шадыканов Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандын карате-до боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медаль тагынды.
Азия оюндары: Каратечи Кымбат Тойтонова коло медаль тагынды

Кыргызстандын карате боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кымбат Тойтонова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Бишкекте 28 өлкөнүн катышуусунда самбо боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Бүгүн, 6-октябрь күнү Бишкектеги "Газпром балдарга" ден-соолукту чыңдоо борборунда самбо боюнча жаштар арасында Дүйнө биринчилиги старт алды.
Азия оюндары: Раззак Бейшекеев коло медалга татыды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалга татыды.
Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль утту.
Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багындырды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багындырды.
Бишкектик спортчулар Казакстанда байгелүү орундарга ээ болушту

«Олимп» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары СССРдин спорт чебери А.Шадиевдин элесине арналган эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 2008-2010-ж. т. өспүрүмдөр арасында өткөн XIII республикалык ачык турнирде байгелүү орундарга ээ болушту.
Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнөнүн чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңди. Беттеш UWW сайтында көрсөтүлдү. Ушуну менен Айсулуу дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду.
Жаш спортчу Абдуллох: "Атам спортто ийгиликке жетишүү үчүн спортчунун билимдүү болуусу абдан маанилүү деп көп эскертет"

Topsport.kg`нин кезектеги каарманы келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчу Абдуллох Латипжанов. Ал жакында 2022-жылы 17-19-мартта Ошто өткөн "Кыргыз Илбирс" эркин күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 26 кг салмакта 1-орунга ээ болгон. Ал эми, 11-12-мартта Наманган шаарында өткөн эл аралык турнирде 1-орунду багындырган. Ошондой эле, көптөгөн Кыргызстанда өтүп жаткан мелдештердин жеңүүчүсү.
Баяман Эркинбаевдин элесине арналган Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-При мелдеши жыйынтыктады

Кечээ 21-декабрь күнү “Алыш” күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык “Гран-При” мелдешти болуп өттү.
Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча Гран-при мелдеши өтүп жатат

Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш бел боо күрөшү боюнча Гран-при мелдеши өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук оюндар боюнча дирекциясынын маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук ишмер Баяман Эркинбаевди эскерүү мелдеши быйыл 10 ирет өтүп, ага Иран, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 160 спортчу катышууда. Мелдештин салтанаттуу ачылышы бүгүн саат 18:00дө болот жана жеңүүчүлөр да бүгүн аныкталат. Женүүчүлөр жана байге ээлери атайын диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Ошондой эле мелдештин жеңүүчүлөрүнө алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы ыйгарылат. Жалпы байге фонду 540 миң сом. Баш байге автоунаа жана 1 миң 500 долларлык сертификат тапшырылат
Мелдеш эркектер (эркин жана классикалык түрү боюнча 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг) жана аялдар (эркин – 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, +70 кг.) арасында өтүүдө.
Аталган мелдешти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча департаменти, Улуттук оюндар боюнча дирекциясы жана Алыш эл аралык федерациясы өткөрүүдө.
Марат Саралиновдун жаркын элесине арналган эркин күрөшү боюнча мелдеш өттү

10-12-декабрь күндөрү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Саралинов Мурат Назарбековичтин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча жаштар, өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш болуп өттү.
Виктор Чобан Жоламан Шаршенбеков менен беттешүү оюн билдирди

Белгилүү балбан Виктор Чобану Бишкекте пландаштырылган чоң турнирде Жоламан Шаршенбеков менен беттешүү каалоосун билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмм баракчасына жазып чыкты.
Нурбек Изабеков жана Мейрамбек Ахметов УОКтүн алтын орденине ээ болду

Күрөш боюнча белгилүү машыктыруучулар Мейрамбек Ахметов жана Нурбек Изабеков Улуттук олимпиада комитетинин алтын орденин алды.
Айсулуу Тыныбекова эртең Баткен эли менен жоолугат

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусунда болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Махмудов менен Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу кыргызстандык балбан өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Эркин күрөш: Кыргызстандын курама командасы Орусияда өтө турган Эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат.
Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулууга 10 миң, Мээримге 7 миң доллар берет

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) жыл мыктыларын тандоо рейтингин чыгарды. Маалыматка ылайык, өз салмагы боюнча 1-орунду ээлеген Айсулуу Тыныбекова 10 миң, 2-орунду ээлеген Мээрим Жуманазарова 7 миң доллар сыйлык берилет.
Дүйнөлүк күрөш уюму Жоламан менен Эрназарга 3 миң доллар сыйлык ыйгарат

Дүйнөлүк Күрөш Уюму (UWW) жыл мыктыларын тандоо рейтингин чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстандын балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев акчалай сыйлык алуучулардын тизмесине кирди.
Күрөш федерациясынын президенти болуп Мелис Турганбаев дайындалды

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Балбан кыз Жуманазарова Велиеваны утту

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен жеңди.
Мээрим Жуманазарова Россиядагы эл аралык мелдешке катышат

Балбан Мээрим Жуманазарова Россиянын Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат.
Айпери Медет кызы Назира Марсбек кызы Дүйнө чемпионатынан Бишкекке келди

7-ноябрь күнү Бишкекке кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортчулары Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков келди.
Дүйнө чемпиондугу (U-23): Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынды.
Дүйнө биринчилиги (U-23): Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси болду.
Дүйнө биринчилиги (U-23): Бекболот Мырзаназар уулу финалда

Кыргызстандык спортчу Бекболот Мырзаназар уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.
Дүйнө биринчилиги (U-23): Эрназар Акматалиев финалда

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.
Дүйнө биринчилиги (U-23): Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер (U23) арасында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медаль тагынды.
Дүйнө биринчилиги (U-23): Айпери Медет кызы финалда

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Дүйнө биринчилиги (U-23): Айпери Медет кызы жарым финалга жолдомо алды

Балбан Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө биринчилигинин жарым финалына чыкты.