AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Нурбек Изабеков жана Мейрамбек Ахметов УОКтүн алтын орденине ээ болду

Күрөш боюнча белгилүү машыктыруучулар Мейрамбек Ахметов жана Нурбек Изабеков Улуттук олимпиада комитетинин алтын орденин алды.

Сыйлыкты УОКтун башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Канат Аманкулов тапшырды. Изабековго орден комитеттин жыйынында берилди. Ал эми Ахметов жакында эле 50 жылдыгын белгилегенде алганы айтылды.

Белгилей кетсек, Бишкектеги отелдердин биринде УОКтун жыйыны өттү. Анда акыркы жылдардагы иштер боюнча маалымат айтылып, ошондой эле комитеттин башчысы, орун басары жана башка мүчөлөрү шайланды.

Нурбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу. Быйыл Токио Олимпиадасында ал машыктырган Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алган. Ал эми Мейрамбек Ахметов таптаган Акжол Махмудов да күмүш медалга ээ болгон.