AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Бишкектик спортчулар Казакстанда байгелүү орундарга ээ болушту

«Олимп» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары СССРдин спорт чебери А.Шадиевдин элесине арналган эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 2008-2010-ж. т. өспүрүмдөр арасында өткөн XIII республикалык ачык турнирде байгелүү орундарга ээ болушту.

 

Мелдеш 2023-жылдын 26-29-сентябрында Аксукент (Казакстан) айылында өттү. Ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 200дөн ашык спортчу катышты.
 
Биринчиликти 36 килограммга чейинки салмак категориясында Жанылай Мээрбекова, 39 килограммга чейинки Жылдыз Нурбекова, 50 килограммга чейинки Адинай Байискулова, 54 килограммга чейинки Бактыгүл Жуманазарова жана 62 килограммга чейинки салмак категориясында Наргиза Абдрашитова жеңип алышты.
 
Белгилей кетсек, турнир кыз-келиндер күрөшүн жайылтуу жана күчтүү спортчуларды аныктоо, достукту чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.