AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Эркин күрөш: Кыргызстандын курама командасы Орусияда өтө турган Эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

XIX-XX кылымдын атактуу спортчуларынын жаркын элесине арналган турнир Хасавюрт шаарында (Россия) 9-13-декабрь күндөрү өтөт.

Кыргызстандын курама командасы машыктыруучулар Улан Надырбек уулу менен Ойбек Насыровдун жетекчилиги астында 15 спортчу катышат.

 Курама командасынын тизмеси:

57 кг чейин - Сманбеков Алмаз, Карачов Абдумалик, Арстанбек уулу Тунгуч жана Алмаз уулу Бекзат

61 кг чейин - Жолдошбеков Улукбек

65 кг чейин - Хаджимурадов Икромжон жана Кенжебек уулу Азамат

70 кг чейин - Осмонов Алибек, Токтогул уулу Айбек жана Токтомамбетов Орозобек

74 кг чейин - Орозбеков Исламбек жана Жаныбек уулу Стамбул

79 кг чейин - Будажапов Арсалан

86 кг чейин - Рысбек уулу Давлет

125 кг чейин - Жаппуев Музафар

Машыктыруучулар – Надырбек уулу Улан жана Насыров Ойбек

Калыс – Улан Деркембаев

Команданын жетекчиси — Ниязов Сааданбек