AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Сардана Трофимова Кыргызстанга келди

Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча коло медаль алган кыргызстандык Сардана Трофимова Бишкекке кайтып келди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, ал отурган учак 7-октябрда "Манас" эл аралык аба майданына конду.

Спортчуну Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Жеңил атлетика федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Сардана Трофимова марафондо 2 саат 28 мүнөт 39 секундада келген. Биринчи орунду Бахрейн спортчусу багынтса, экинчини кытайлык спортчу алган.

Сардана Трофимова марафон боюнча Россиянын беш жолку чемпиону. Спортчу Кыргызстандын жарандыгын былтыр июлда алган.

Буга чейин ал мелдештерге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин атынан чыкчу.