AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Махмудов менен Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу кыргызстандык балбан өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Жакында машыктыруучулар менен датасын жана ордун белгилейбиз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Беттеш Бишкекте болушу мүмкүн. Рома, макулбу? - деп жазган Махмудов.

Роман Власов 2012 жана 2016-жылкы Олимпиада чемпиону, Махмудов Токио оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.