AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байге утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль утту.

Коло үчүн беттеште Айсулуу Тыныбекова казак балбаны Ирина Кузнецова менен күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңди.

Кыргыз балбаны 62 кг салмакта күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган. Алгач таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздаган.

Ал эми чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди.

Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу спортчу жубатуучу беттеште вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.