AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу (U-23): Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынды.

Белградда (Сербия) 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча турнир өтүүдө.

Акматалиев жарым финалда азербайжандык балбан Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде жеңген эле. Ал эми финалдык беттеште армениялык балбан Вазген Теванян менен кез келип, 10:2 эсебинде жеңишке жетти.