AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Бишкекте 28 өлкөнүн катышуусунда самбо боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Бүгүн, 6-октябрь күнү Бишкектеги "Газпром балдарга" ден-соолукту чыңдоо борборунда самбо боюнча жаштар арасында Дүйнө биринчилиги старт алды.

Мелдешке жалпы 26 мамлекеттен - Испания, Марокко, Монголия, Азербайджан, Румыния, Мексика, Латвия, Армения, Иордания, Грузия, Боливия, Колумбия, Нидерланды, Молдавия, Италия, Сербия, Өзбекстан, Греция, Түркмөнстан, Казакстан, Болгария, Франция, Египет, Россия жана Беларустан жалпы 400дөн ашык спортчу катышууда.

Килемге жаштар арасында 53, 71, 98 кг чейинки салмакта, кыздар арасында 50, 65, +80 кг чейинки салмакта спортчулар күч сынашууда. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 58, 79, +98 кг салмак салмакта кыздар арасында 59, 80 кг даражасында беттештер өтүүдө. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча 71, 98 кг чейинки салмакта беттештер өтүүдө.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 8-октябрга чейин уланат.