AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Айпери Медет кызы Назира Марсбек кызы Дүйнө чемпионатынан Бишкекке келди

7-ноябрь күнү Бишкекке кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортчулары Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков келди.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Нурлан Исмаилов, эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, Белградда (Сербия) 23 жашка чейинки спортчулар арасында жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты өтүүдө. Бул турнирде Айпери Медет кызы 76 кг салмакта 1-орунду ээлеген.