AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнөнүн чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңди. Беттеш UWW сайтында көрсөтүлдү. Ушуну менен Айсулуу дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду.

 

Мелдеш ушул тапта Сербиянын борбору Белград калаасында өтүүдө.
 
Спортчу килемде 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Алгач 1/16 финалда польшалык балбанды 8:2 эсебинде, 1/8 финалда андорралык спортчуну 10:0 эсебинде жеңген. Ал эми 1/4 финалда украиналык кызды утуп, жарым финалда германиялык спортчуну 4:2 эсебинде жеңген. Ошондо эле спортчуга Париж Олимпиадасына жолдомо берилген.