AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Марат Саралиновдун жаркын элесине арналган эркин күрөшү боюнча мелдеш өттү

10-12-декабрь күндөрү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Саралинов Мурат Назарбековичтин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча жаштар, өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш болуп өттү. 

Мелдешке Кыргызстандын баардык аймактарынан жана Өзбекстан, Казакстандан келген 547 балбан катышты. Беттештер 14 кг  салмак категорияда болуп, жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, медалдар менен, ошондой эле акчалай сыйлык менен сыйланды.

Маалыматка ылайык, мелдеш Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттике караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республиксынын күрөш федерациясы тарабынан уюштурулган.