AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Каратечи Адилет Шадыканов Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандын карате-до боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Шадыканов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күмүш медаль тагынды.

Финалдык беттеште Адилет Шадыканов ирандык спортчу Саджад Ганжзаде менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңилүү азасын тартты.

Аталган мелдеште кыргыз спортчусу 84 кг жогоркулар арасында беттешип, алгач непалдык спортчуну 5:1 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда сауд аравиялык атаандашын утуп, финалга чыккан.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.