AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Мээрим Жуманазарова Россиядагы эл аралык мелдешке катышат

Балбан Мээрим Жуманазарова Россиянын Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

«Гран-при Москвы — Кубок АЛРОСА» деп аталган мелдеш 3-декабрда өтөт. Анда Россиянын күрөш боюнча курама командасы жана чет өлкөлүк балбандар менен күч сынашат.

68 кг салмакка чейинки категорияда Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиева беттешет.

Спортчулар буга чейин Осло шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалында кез келишкен. Анда Мээрим жеңишке жетишкен эле. Бирок Россиянын күрөш федерациясы ал беттешти тейлеген калыска нааразычылык билдирген.

Жалпысынан Жуманазарова менен Велиева үч ирет күч сынашкан жана кыргызстандык балбан бир дагы жолу жеңилген эмес.