AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Жаш спортчу Абдуллох: "Атам спортто ийгиликке жетишүү үчүн спортчунун билимдүү болуусу абдан маанилүү деп көп эскертет"

Topsport.kg`нин кезектеги каарманы келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчу Абдуллох Латипжанов. Ал жакында 2022-жылы  17-19-мартта Ошто өткөн "Кыргыз Илбирс" эркин күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 26 кг салмакта 1-орунга ээ болгон. Ал эми, 11-12-мартта Наманган шаарында өткөн эл аралык турнирде 1-орунду багындырган. Ошондой эле, көптөгөн Кыргызстанда өтүп жаткан мелдештердин жеңүүчүсү.

Абдуллох Сузак районунун “Golden Сузак” спорт комплексининин тарбиялануучусу. Спорттук жолу тууралуу ал буларга токтолду:

 - Мен спортко 8 жашымда келгем. Спорт жолуна түшүп калганыма атам себепчи. Алгачкы жолу машыгуу залына дал өзү жетелеп барган. Атам спортто ийгиликке жетишүү үчүн спортчунун билимдүү болуусу абдан маанилүү деп көп эскертет. Андыктан сабактарды калтырбоого аракет кылам. Негизи спорт менен окууну айкалыштырса болот.

Ал эми каарманыбыздын атасы Хакимов Шерзат уулунун келечекте Кыргызстандын намысына жараган атактуу чемпион болорунан үмүтү чоң.

 - Уулумдун спорт менен алектенгенине 2 жылдан ашты. Алгач футболго кызыгып, ойноп жүрдү. Кийинчерээк Сузакта күрөш залы ачылып калды. Анан күрөшкө алып барып көрүүнү чечтим. Машыктыруучулар бир көргөндө эле анын күрөшкө болгон шыгына жакшы баа беришкен. Ошентип күрөш менен алектенип калды. Анын машыгууну калтырбай, олуттуу мамиле кылуусун көзөмөлдөп, ар тараптан түрткү берип турам. Кудай буюрса уулумдун кыргыз туусун бийик желбиреткен атактуу спортчу болуусун каалайм.

Ал эми Абдуллохтун машыктыруучусу Мехманов Абдысамат да анын атасы менен тилектеш.

- Спортчунун өсүп-өнүгүүсүндө ата-энесинин ролу чоң. Анан албетте спортчу да аракет жасашы керек. Абдуллохтун спортко болгон дараметин биринчи келген күнү эле байкагам. Андан бери 2 жылдын аралыгында бир катар ийгиликтерди жаратты. Облустук эле эмес, республикалык мелдештерди да жеңүүгө жетишти. Учурдагы жетишкендиктери менен чектелип калбастан, дагы да болсо а Ошлга жылат деген ишенимдебиз.